2012- жылдын 27- январында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүндө “Көрүнүктүү драматург, публицист жана актер” аттуу Бакы Өмүралиевдин 90 жылдыгына байланыштуу китеп көргөзмө жасалды. Б. Өмүралиев белгилүү композитор К. Молдобасанов жана башка искусство чеберлеринен билим алып, 1955-жылы Ташкенттеги А. Н. Островский атындагы көркөм өнөр институтунун актерлук бөлүмүнөн окуп, 1975-жылы Москвадагы адабий жогорку курсту бүткөн. Бакы Өмүралиев театрда иштеген жылдардын ичинде 30 дан ашык ролдорду жараткан. Алсак, А. С. Грибоедовдун “Акылдан азап” чыгармасында Молчалиндин, Вильям Шекспирдин “Король Лир” трагедиясында Шуттун, Р. Шүкүрбековдун “Акындын үмүтү” пьесасында Токтогулдун образын түзгөн.
“Үркөр- үркөр топ жылдыз, үркүп кайда барасың” – деп өз убагында Тоголок Молдо ыр чүрпөлөрүн жазгандай азыркы учурда кыргыз адабиятынын драматургия жанрында үркөрдөй топ жылдыз ишмерлери бар. Ошол үркөр топ жылдыздын арасындагы даанасы, нактасы, көрүнүктүүсү Бакы Өмүралиев — деп таамай мүнөздөмөнү жазуучу Дайырбек Казакбаев берген. Бакы дүйнөлүк драматургиянын тарыхына, Москвалык алдыңкы театроведдер менен драматургдардын кызыктуу дарстарына каныгып, классикалык жаңы спектаклдерди кунттана көрүп, сезими байып, көз карашы, калеми курчуп кайткан. Билим менен кошо коркөм жана маани жагынан арзырлык пьесаларын жаза келип,театрларыбыздын сахнасын жанданткан. Искусство чебери, кино жана театр жылдызы Муратбек Рыскуловдон таалим тарбия алып, өнөр жолунда эриш — аркак бирге иштешкен — деп Кыргыз Эл жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиев өз баасын берген.
1975-1984-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунда адабий кеңешчи, башкармасынын катчысы, маданият министрлигинин репертуарлык — редакциялык коллегиясында редактор болуп иштеген. Б. Өмүралиевдин “Ата сөзү ар- намыс” пьесасы 1963 — жылы драмтеатрда коюлган. Ага удаалаш эле “Тагдырдын өгөй балдары”, “Жаңырык”, “Сел”, “Сирена”, “Мен билем, тоолор билет”, “Жолчубектин көпүрөсү”, “Ыйык жер”, Райымсыз ража”, “Кыйышпастар”, “Адептүүлүктүн бир айы” сыяктуу көп жана бир көшөгөлүү комедия, пьеса, драмаларды жазган.
1996 — жылы Ташкентте өткөн Орто Азия өлкөлөрүнүн фестивалында “Найман эне” деген пьесасы баш байге — Гран — Прини жеңип алган. Көптөгөн сын макалалар
драматургдун калемине таандык. Басмадан “Жаңырык”, “Мен билем, тоолор билет”, “Пьесалар” жана башка жыйнактары жарык көрүп орус, украин тилдерине которулган. Таланттуу драматург “Муз жүрөк жөнүндө баян”, “Алыскы тоолордо”, “Тянь Шандык кыз”, “Космонавтардын көчөсү” аттуу тасмаларга тартылып, кинодо бири — бирине окшобогон кулк-мүнөздөрү, татаал образдарды чебер аткарган.
Адабият жана искусствого сиңирген эмгеги жогору бааланып, ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наам ыйгарылган. Бир нече “Ардак грамота”, медалдар менен сыйланган.
Китеп көргөзмөгө 25 китеп, Ш. Бейшеналиевдин, Нурпаис Жаркынбаевдин, Нуркан Турсунбаевдин, Жапар Кенчиевдин, Н. Сыдыковдун, Д. Казакбаевдин, Н. Жунушовдун, С. Жумабайдын макалаларынын гезиттеги көчүрмөлөрү, 16 цитата, театр сахнасындагы сүрөттөрү коюлду. Бакы Өмүралиевдин чыгармасын баалаган күйөрмандары, туугандары, жердештери, китеп окурмандар келип көргөзмө менен таанышып, чебер драматургдун чыгармачылыгы боюнча толук маалымат алса болот.