Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кожомкул Каба уулунун 130 жылдыгы

29 Июн 2018

2018-жылдын 29-июнундада Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө Кыргыздын атактуу балбаны Каба уулу Кожомкул туулгандыгынын 130 жылдыгына арналган
«Ак илбирстей ажары, айбаты бар,
Кылымдарда бир жаралган кайраты бар!» аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду
Кыргыздын атактуу балбаны Каба уулу Кожомкул 1888-жылы Суусамыр өрөөнүндө туулган.
Ата-энесинен мурастап алган Кожомкулдун укмуштуудай балбандык касиети балачагынан эле байкалып, 15 жашында күрөшкө түшүп, 45 жаштагы дасыккан балбанды жыккан. Андан кийин Кожомкул күрөшсө да, эңишсе да өмүр бою эч кимге алдырган эмес. Казак балбаны Балбан-Шолакты жыккандан кийин анын атагы казак элине да кеңири тараган.
Атасы Каба күч жагынан эл оозуна алынган балбан адам болгон. Ал Жоо-Жүрөк жайлоосундагы арыкты бөгөгөн 174 кг. Чамалуу ташты тээп жылдырган. Энеси Алмадай да эр сайышка түшүп жүрчү экен.
Каба уулу Кожомкул жалаң гана күрөшкө түшүп, байгени жеңип алып, эл ичинде атак-даңкка бөлөнгөн баатыр гана болбостон, коомдук жана айыл-чарба иштерине активдүү катышкан. Ал Суусамыр болушунда мураб, кедейлер комитетинин (1925-1938), Көкөмерен айыл кеңешинин төрагасы (1929-1938) болуп иштеген. Ошол жылдары Суусамырда жайлоо кеңешин уюштуруп, элдин турмушун оңдоого, сабатсыздыгын жоюуга катышкан. 1938-1942-жылдары “8-март” колхозунда жылкы ферма башчысы, Баш-Кууганды айыл кеңешинин төрагасы, “Үлгү” колхозунун партиялык уюмунун катчысы (1943-1945), Көкөмерен айыл кеңешинин төрагасы (1945-1948) болуп иштеген. Сокулук районундагы “Победа” колхозунун кой фермасын өмүрүнүн акырына чейин (1950-1955) башкарган.
Кожомкул дене түзүлүшү жагынан И.П.Поддубный, И.Замкин сыяктуу орус балбандарынан да зор болгон. 47 жашында салмагы 164 кг, боюнун узундугу 1 м 97 см, 52- өлчөмдөгү өтүк кийген. Анын балбандыгы жөнүндө эл оозунда көп аңыз сөздөр айтылат. Күчкө толуп турган убагында салмагы 400 кг чамалуу өгүздү жаракадан сууруп алса, 22 жашында Суусамыр өрөөнүнүн Аразма төрүндө бийиктиги 1 м 60 см, жоондугу 1 м 89 см ташты 100 метрдей аралыкка көтөрүп барып, жерге күч менен уруп киргизген. Эл аны “Кожомкулдун ташы” деп аташат. Кожомкулдун мындай таштары Суусамырдын Бөйрөк, Кең-Суу, Жоо-Жүрөк жайлоолорунда, Кетмен-Төбө өрөөнүндө да бар. Мындан башка да Чүйдөн Суусамырга баратканда минген аты баспай калып, аны өзү көтөрүп Төө-Ашуудан ашып кетсе, тутамга ченеп суу талды кармаганда суусу шорголоп, жерге таштаганда ширеңкедей чачылган деп айтылып жүрөт.
Кожомкулдун элине өтөгөн эмгеги Өкмөт тарабынан бааланып, Эмгек Кызыл Туу ордени жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун грамотасы менен төрт ирет сыйланган.
Азыркы кезде да алп Кожомкулдун аты унутта калган жок. Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы 1962-жылы эркин күрөш боюнча Кожомкул атындагы байге белгиленген. Ал байге үчүн эл аралык мелдеш жыл сайын өткөрүлөт. Ысымы Бишкек шаарындагы Спорт сарайына жана өзүнүн айылына коюлган.
Көргөзмөгө ал жөнүндөгү китептер, эскерүүлөр, изилдөөлөр, газета-журналдык материалдар жайгаштырылды.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208. А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы. Тел: 30-47-04