Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

КР ИИМ Республикалык окуу борборунун студенттери Улуттук китепканада болушту

КР ИИМ Республикалык окуу борборунун студенттери Улуттук китепканада болушту
09 Авг 2025

Кечээ, 8-августта Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында генерал-майор Ж. Шабиров атындагы КР ИИМ Республикалык окуу борборунда окуган студенттер үчүн экскурсия уюштурулду.
Мындай демилге аталган окуу жайы тарабынан көтөрүлүп, экскурсияга келген студенттерге китепкана, китепканадагы окуу бөлүмдөрү, окурмандарды тейлөө ж.б. тууралуу маалыматтар берилди.