Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кубанычбек Маликовдун 100 жылдыгына арналган эскерЇЇ кечеси

03 Окт 2011
2011-жылдын 30-сентябрында саат 11.00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Мезгилдүү басмалар бөлумүндө Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Кубанычбек Маликовдун 100 жылдыгына арналган эскерүү кечеси жана «Кыргыз Эл акыны, белгилүү жазуучу, залкар драматург, котормочу жана коомдук ишмер» аттуу көргөзмөсү болуп өттү. Бул көргөзмөгө белгилүү жазуучу, залкар драматург К. Маликовдун алгачкы китептери, эмгектери, публикациялар, газеталык статьялар, эскерүүлөр, туугандарынын сүрөттөрү, сыйлыктары шкафтарга жайгаштырылды. Улуттук китепкананын директору, профессор Ж. К. Бакашова китеп-сүрөт көргөзмөнү ачып, К. Маликовдун чыгармачылыгына кеңири обзор жасап, төмөнкүлөргө токтолду. Фрунзе кыргыз техникумун бүткөндөн кийин «Ленинчил Жаш» газетасында редактордун орун басары болуп иштеп өзүнүн чыгармачылык жолун баштаган. 1934-жылы «Кызыл Кыргызстан» газетасында жооптуу катчы, Кыргызстан жазуучулар союзунун катчысы, 1952-жылга чейин Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы искусство башкармасынын башчысы, Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, «Советтик Кыргызстан» журналынын редактору, Кыргыз мамлекеттик драма театрынын директору болуп иштеген.
Анын чыгармачылыгы 1928-жылы башталган, «Эркин Тоо» газетасына «Жазгы талаа» деген тунгуч ыры жарыяланган. 1931-жылы «Теңдик курбаны» аттуу үч актылуу пьесасы өзүнчө китеп болуп чыгат.
К. Маликов поэзия жана проза жанрында тынбай эмгектенип, «Сапардын сүйүү ырлары», «Жапар менен Шарипа» поэмаларын, «Жаңы ырлар» жана башка жыйнактары, «Ачылган айып», «Азаматтар», «Таш күзгүнүн түбүндө» повесть, аңгемелери, сатиралары басылып чыккан деп баса белгиледи. Сөз акын Асан Жакшылыковго берилип, ал К. Маликовдун кыргыз адабиятына, маданиятына ат көтөргүс эмгек өтөгөндүгүн, драматургия жаатында да көп эмгектенгендигин, «Манас» операсын жазууга катышып, «Айчүрөк», «Сейтек», «Токтогул» операларынын либреттосун, «Биз баягы эмеспиз», «Бийик жерде», «Бир көчөнүн кыздары», «Биз ким элек, ким болдук», «Айланган тоонун бүркүтү», «Осмонкул» деген жана башка пьесаларды жазган. К. Маликовдун пьесалары азыр да коюлуп келатат деп эскерип өттү. А. Жакшылыков Кадыр Маликовго куран китебин белекке тапшырды.
Сөз Эл жазуучусу К. Жусуповго, музыка изилдөөчү Б. Алагушовго, жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Н. Калыбековго берилип, К. Маликовдун кыргыз адабиятында өзгөчө орду бар экендигин, ал катышпаган иш-чара аз экендигин, кыргыз эли үчүн баа жеткис иш жасагандыгын, автор «Бийик жерде» деген драмасы үчүн Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаттыгына татыктуу болгонун эскеришти.
Жыйынтыктоочу сөз К. Маликовго берилип, ал Улуттук китепкананын жетекчилигине терен ыраазычылыгын билдирди. Нурборбор республикалык жаштар бирикмесинин жаш акындары К. Мамытбаев «Жаратылыш», Умар Нусубалиев «Кыргыз деп айтат», Уланбек уулу Уранбек «Жыйырма беш жашыма» аттуу К. Маликовдун ырларынан көркөм чеберчиликте окуп беришти.
К. Маликов жөнүндөгү маалыматтар көргөзмөдө көптөгөн китептер, газета-журналдык публикациялар, ал жөнүндө жазылган рецензиялар, макалалар, эскерүүлөр орун алган.
Көргөзмөгө мамлекеттик, коомдук ишмерлер, маданий жана илимий кызматкелер, акын-жазуучулар, студенттер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, К. Маликовдун туугандары катышышты.