Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Курманжан даткага 200 жыл

20 Июл 2011
{mosimage}2011-жылдын 18-июлунда сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө атактуу Алай ханышасы деген ат менен тарыхыбызда таанымал инсан, мамлекеттик, коомдук ишмер, Курманжан датканын 200 жылдыгына карата “Алай ханышасы” (Курманжан даткага 200 жыл) деген темада китеп-сүрөт көргөзмөсү көрөрмандар жана окурмандар үчүн жасалды.
Аял затынан чыккан инсанга төрт ирет “Датка” деген наамдын ыйгарылышынын өзү эле Курманжан датканын тарыхтагы өзгөчө ордун аныктап турат. Анын тубаса таланты, ашкере зиректигинен улам карапайым калктын социалдык-саясий турмушун, келечегин астыртадан көрө билип, элинин тынч жашоосу, эркиндиги үчүн күрөшүп, өз өмүрүн арнаган. Китеп-сүрөт көргөзмөгө Курманжан датканын өмүр-баяны, сүрөттөрү, ал жөнүндө жазылган монографиялар, брошюралар, макалалар, очерктер, газета-журналдар, газета көчүрмөлөр, эскерүүлөр, илимий макалалар, цитаталар коюлуп жана С.Жусуевдин “Курманжан датка” поэмасы, Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” романы, С.Раевдин “Ханышанын көз жашы” аттуу драмасы, Турсунай Өмүрзакованын “Курманжан датка” аттуу тарыхый очерки ж.б. Курманжан даткага арналган китептерге кеңири орун берилди.
Көргөзмөгө коюлган бардык материалдардан окурмандар Курманжан датканын саясий иштери менен ысымы санжырага айлангандыгын кадыр-баркы кыргыз тарыхында көрүнүктүү орунду ээлегендигин китеп-сурөт көргөзмөдөн көрүп окуп билүүгө болот.