2014 жылы 15- январда Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө “ Түрк сөзүн түрлөткөн алп акын Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” дастанына 945 жыл” атуу китеп көргөзмөсү коюлду.
Түрк тилчиси Р.Р. Аратанын (1900-1964) эсебинде “ Кутуу билиг” дастанын аяктаганда анын автору 54 жашта экени анык болсо, Жусуп Баласагын 1015-1016 жылдары жарыка келгендиги айтылат. Неси болса да хиджири боюнча 462-жыл биздин доор боюча 1069-1070 жылдары өзүнүн “Кутуу билик” дастанын жараткан даанышман акын Жусуп Баласагын сары өзөн Чүй жазыгынын алкымы, Чүй дайрасынын боюна жайгашкан байыркы Токмок кааласынын түштүк- батышыраак тарабындагы азыркы Бурана аталган Баласагын калаасынын перзенти.
Учурунда Бухарадан кенен жерди ээлеген, көркөм имараттуу, бийик мунаралуу, мечит- медреселүү, сепилдүү, гүлдөгөн Баласагын калаасында төрөлгөн Жусуптун балалык чагы, жигиттик курагы калкы негизинен түрк жана согду тилинде сүйлөгөн, өз заманында рухий маданияты менен өнүккөн чөйрөдө өскөнү, жаратылышы кооз аймакты жердеп, сөз өнөрүн өнүктүрүп, сөз күчүн ченемдеген, көчмөн уруулардын тиричилигин, кулк- мүнөзүн, тилин, дилин, өнөр-билимин кеңири изилдеп, жедеп жетилген кезде колго алгандыгына өзүнүн “Кутуу билигин” он сегиз айда жаратканы белгилүү.
Мындан тогуз кылым мурда жаралган”Кутуу билик” дастанынын автору Жусуп Баласагын өзү аныктагандай: төрт өзөк бул китепти түзгөн негиз:
1. Адилет- күн тууду өкүм бийликти ак өтөөгө милдетүү ак жолду жаза баспас адил, өкүмдар аким ысмы.
2. Айтолду- өкүмдар акимге ырыс, дөөлөт берээр башкы вазир ысымы.
3. Акдилмиш- ак караны айра билген, дили ак таза адам.
4. Өткүрмүш-байлыкка, мансапка кызыкпас, кумарга алданбас каниет ысмы.
Жусуп Баласагын китебин Кашкарда бүтүрүп, Чыгыштын өкүмдары Тавгач-хандын ордосуна тартуу кылды, өкүмдар ага зор урмат сый көрсөтүп, хас-хаджиб наамын берген.
Тавгач Кара –Буурахан “Кутадгу билигди” бир нече нускалап көчүртүп, коңшулаш мамлекеттердин өкүмдарларына сый катары белекке берген. Ошондуктан “Кутадгу биликтин” үч нускасы сакталып калып, биздин күнгө жетип отурт.
“Кутадгу билиг” дастанындагы эң негизги маселелердин орчундуусу Карахандар мамлекетинин саясий экономикалык, аскердик коргонуу ж.б. жагын чыңдоо, маданиятты өнүктүрүү, илим- билим алуу, адеп-ахлаттыкты жана өлкөнү жакшылап, калыс башкаруу идеясы түзөт. Жусуп Баласагындын “Кутадгу билик” дастанынын эң негизги идеялык маанисин ушундайча түшүнгөнүбүз оң жана жөндүү болот.
Бул көргөзмөгө китептер, макалалар, эскерүүлөр, баяндамалар, очерктер коюлду.
Дареги: Бишкек шаары.
Ж. Абдрахманов көч. 208
К.Р. Улуттук китепканасы. Тел. 30-46-79