Жазуучу жана журналист Куттумидин Базаркулов өзүнүн 70 нускадагы «Оо кудай», 73 нускадагы «Аксакал: кылым тарыхы», 5 нускадагы «Тарых издери» аттуу китептерин Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фондуна өткөрүп берди.
Бул китептер китепкананын фондусун байытып, окурмандарды тартууда көмөкчү болот деген ойдобуз.
Улуттук киитепкананын жалпы жамааты Куттумидин Базаркуловго ыраазычылык билдирип, калеми мокобой, дагы-дагы жаңы эмгектерди жарата беришине тилектештигин билдирет.