Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Куудул Шаршен Термечиковдун туулган күнүнүн 125 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү

Куудул Шаршен Термечиковдун туулган күнүнүн 125 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү
28 Апр 2021

А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн окуу залында 2021-жылдын 29- апрелинде куудул Шаршен Термечиковдун туулган күнүнүн 125 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү окурмандарга тартууланат.
Шаршен Термечиков 1896-жылы Сокулук районуна караштуу Токбай айылында кедейдин үй-бүлөсүндө туулан. Атасы Термечик көпчүлүк өмүрүн байларга жалчы жүрүү менен өткөргөн. Кийин жыгач усталык менен күн көрүп, эптеп жан сактаган адам болгон. Шаршен 14 жашка келгенде атасы дүйнөдөн кайтып, кичинекей иниси менен жетим калат. Ошол күндөрдөн тартып Шаршен ар кимдин колунда жүрүп, түрдүү жумуштарда иштейт. 1925-жылы жалчылыктан биротоло кутулуп, “түтүн эсебине” кошулат да, 1929-жылы колхозго кирет. Ал колхоз өндүрүшүндө эмгектенип, көп убакытка дейре ферма башчысы болуп да иштейт. 1931-1939-жылдары Кыргыз драма театрында, андан кийин өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз Мамлекеттик филармониясында иштеген. Театрга келгенге чейин эле эл арасында куудул катары таанылган. 1939-жылы Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасына катышкан.
Шаршен Термечиковдун “Бала сооротуу”, “Күйө жолдош”, “Аксак молдонун намаз окушу”, “Ат тергөө”, “Боёмо актив” деген куйкумдуу кыска ангемелеринен анын куудулдук шыгы айкын көрүнөт. Термечиков аңгеме курганда баёо, маңыроо чалыш кебетеде туруп же апыртып, сөз ойнотуп, табышмактатып сүйлөгөн. Шаршен туроочулук (имитатордук) өнөрү күчтүү өрчүгөн куудул катары белгилүү болгон. Анын айрыкча колдураган үнү менен картайып калган кемпирлердин кошок кошконун туурашы кыргыздын куудулдук өнөрүндөгү кайталангыс табылга. Шаршен комедиялуу, тамаша түрүндөгу обондорду чыгарган. Алсак “Сыртынан кайрыма”, “Ичинен кайрыма”, “Кантың бар” атуу мукамдуу обондорду домбра жана комузда коштоп ырдаган.
1973-жылы Ж. Садыков Шаршенге арнап “Күйө жолдош” пьесасын жазган.
Куудул, актёр, ырчы обончу Шаршан Термечиков 1939-жылы Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, 1942-жылы Кыргыз ССРнин эл артисти деген наамды алууга татыктуу болгон. “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн” медалы менен сыйланган.
Шаршен Термечиков 1942-жылы 8-августа Фрунзе шаарында дүйнөдөн кайткан. Ысмы Чүй областык театрына жана көчөлөргө берилген.
Бул китеп көргөзмөгө өмүр баяны, ар башка жылдарда чыккан китептери, газета-журналдарга ал жөнүндө жазылган статьялар жайгаштырылды.

Дареги: А. Осмонов атындагы КР УК
2-этаж № 57 каб.