Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

КЫЛЫМ КАРЫТКАН КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ

КЫЛЫМ КАРЫТКАН КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ
11 Апр 2024

2024-жылдын 11-апрелинде А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган “Кылым карыткан кыргыз тарыхы ” — аттуу китеп көргөзмөсү ачылды.
1924-жылдын 14-октябрында Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн. А.Орозбеков Кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетинин биринчи председатели болуп шайланган. РСФСРдин курамындагы аймактык бирдик, Советтер Союзунун алкагындагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн баштапкы калыпы түзүлгөн. 1926-жылдын 1-февралында Кыргыз АССРи негизделген.
Китеп көргөзмөгө Кыргызстандын тарыхы боюнча китептер, Кыргыз автономиялуу облусун түзүү боюнча токтомдор жана “Эркин-Тоо” газетасынын 100 жылдыгына арналган материалдар, алгачкы агартуучу И.Арабаевдин, К.Тыныстановдун окуу китептери жана сүрөттөрү коюлду.