Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кылымдарды карыткан кыргыз радиосу

07 Май 2016
2016-жылдын 4-майында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде Кыргыз радиосунун 85 жылдыгына арналган “Кылымдарды карыткан кыргыз радиосу” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү.
Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук, илимий жана маданий ишмерлер, Коомдук телерадио корпорациясынын жамааты, чыгармачыл интеллигенция жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Китеп-сүрөт көргөзмөсүн УТРК директорунун орун басары К. Иманалиев ачты. Ал Кыргыз Мамлекетинин үнү болгон Кыргыз Радиосуна 85 жыл толду. 85 жыл айтканга оңой болгону менен не деген карт тарых ошол жылдардын кучагында калды. Бул уюм 1931-жылы гана Республикалык радио комитет болуп уюшулуп олтурат. Мына бул жыл биздин радио журналистиканын туулган жылы, Кыргыз Радиосунун пайда болгон жылы жана ошондой эле Коомдук телерадио корпорациясынын тунук башаты. Кыргыз элинин коомдук маданий турмушунда өзгөчө зор роль ойногон Кыргыз Радиосу 85 жыл аралыгында калкыбыз үчүн чоң универ¬ситет болуп калды деп баса белгиледи.
Кабарлар, коомдук саясий, адабий-драмалык, музыкалык, балдар-жаштар редакциясынан турган Кыргыз радиосу, учурда кулачы кенен жайылган чоң үй бүло катары радио бирикме болуп түзүлүп, үч каналга, беш радиого айланды. Маалыматтык, коомдук саясий багытта — Биринчи Радио, улуттук уңгудагы адабий музыкалык багытта — Кыргыз Радиосу, көңүл ачуучу багытта- Миң кыял ФМ, түнкү канал- Түнкү Белес, балдардын радиосу- Балдар ФМ изденүү аракетинде иш алып барууда.
Радио ардагерлери Т.Орокчиев, Ж.Медетов, Ж.Эгембердиев, С.Абдрахманова, Садыбакас Эралиев, радио кызматкерлери С.Кийизбаева, Т.Бугубаев, Г.Шакирова, К.Көкүлов, Ж.Маматова, Э.Ажыканова, Н.Абдыкаимовалар сөз сүйлөшүп, радионун кыргыз элинин алдында мактаныч жана сыймык ме¬нен айтаар эмгеги жана табылгасы баа жеткис “Ал¬тын казынасы”. 12000 сааттан ашык залкар чыгармалар, улут сыймыктарынын асыл мурастары таберик болуп сакталып турат. Кыргыз радиосу бул — кыргыз үнү, бул өзүнчө эле доор, заманадан артта калбай биздин элибиз коомдун өнүгүшүнө өз салымдарын кошушуп, адабият, маданият, искусство тармактарын, айыл чарба жетишкендиктерин элге жайылтууда Кыргыз радиосунун ролу өтө чоң экендигин айтып өтүштү. Элибиздин жан дүйнөсүн руханий жактан байыткан, бир тил менен маалыматтарды чагылдырып, улуттун калыптануусуна, өркүндөшүнө өбөлгө болгон да радио деп айта алабыз. КР Радиожурналисттерин бүгүнкү 85 жыл мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктап, алардын иштерине чоң жетишкендиктерди каалайбыз. Чыгармачыл интеллигенциянын, илимпоздордун жана коомдук ишмерлер менен саясатчылардын позициясын, пикирин элге жеткирүүчү чоң трибуна катары элге жигердүү кызмат өтөй беришине тилектешпиз. Радио кызматкерлерин мааракеси менен куттукташып, өзүлөрүнүн концерттик программасы менен комузчу А.Эсенгулова Ы. Тумановдун “Жеңиш”, Ш.Шеркуловдун “Эмгек бакыты”күүсүн чертип, “Чоро” тобунун солисти Нурмат Теңизбек уулу “Тоолук кыз”, Айбек Касымов Э.Иманалиевдин “Аруузатым” жана элдик ырлардан аткарып беришти. Катышуучулар тарабынан жылуу кабыл алынып, иш чара өз максатына жетти.