Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кылымдарды карыткан кыргыз тилим, Кыйырсыз сенден алам чексиз билим

22 Сен 2016
2016-жылдын 23-сентябрында саат 1100дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин 27 жылдыгына карата – «Кылымдарды карыткан кыргыз тилим, Кыйырсыз сенден алам чексиз билим» аттуу китеп көргөзмөсү өткөрүлөт.
Кыргыз тили – Кыргыз Республикасынын көпчүлүк калкын түзүп жана ага өз наамын берген улуттун эне тили.
Кыргыз тили – эзелтен бери кыргыз элинин дүйнө таануу, тиричилик, рухий — жаратмандык тажрыйбасын камтыган баа жеткис улуу мурас.
Кыргыз тили кылымдар бою оозеки гана сүйлөнүп, жетишүү өлчөмдөгү сөз калыптоо, сезим туюнтуу, элес жана түшүнүк билдирүү каражаттарын, ийкемдүү грамматика жол-жоболорун жарата алган. Ал калктын көп жактуу коомдук муктаждыктарын канааттандырып, кыргыз урууларынын биригишүү, пикирлешүү, чыгармачыл күч кубатын чагылдыруу мүдөөлөрүн тейлеп келген. Эстетикалык максаттар үчүн пайдаланып, дүйнөлүк эпостордун алпы “Манас” башында турган залкар дастандардын, лирикалык ырлардын, оригиналдуу жөө жомоктордун, тарыхый уламыштардын, акылман макал-лакаптардын жаралышын шарттаган.
Кыргыз тили жазма түрүндө ХIХ кылымдан бери карай колдонула баштаса да, кадыресе жазма тил катары өнүгүү жолунда совет доорунда гана колдонула баштады. Ошол доор ичинде улуттук тилдин графикалык системасы, лексикалык, грамматикалык, орфографиялык жана башка нормалары жөнгө салынды.
Кыргыз Республикасында “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам 1989-жылы 23-сентябрда кабыл алынып, Кыргыз ССРинин Министрлер Совети атайын токтом чыгарып, токтомго тиркеме катары кыргыз тилинин көп жактуу иштелиши үчүн жасала турган конкреттүү иш аракеттердин тизмеси берилген. 1992-жылы Кыргыз Өкмөтү мамлекеттик жана коомдук структураларда расмий-жумуштук документтерди кыргызча жазууга өтүүнүн өбөлгөлөрү менен мөөнөттөрүн белгилеген атайын токтом чыгарылган. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилин өнүктүрүү концепциясы иштелип чыккан.
Жалпылап айтканда, кыргыз жазма тили соңку мезгилде информациялык жүк көтөрүшү, көпчүлүккө илим-билим жана маданият байлыктарын жеткириши, максаттуу жана сарамжалдуу иштелиши жагынан бир кыйла өксүп келе жатат. Көргөзмө 2 бөлүмдөн турат:
1. Кыргыз тили боюнча алгачкы жана азыркы күндөгү басылмалар
2. Эл дөөлөтү – эне тил
Көргөзмөдө көптөгөн китептер, газеталык публикациялар, токтомдор, указдар, көрүнүктүү филологдордун эмгектери жана монографиялары жайгаштырылды.
Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208. Кыргыз Республикасынын А. Осмонов атындагы Улуттук китепканасы. Сауд Аравия таануу жана маданият борбору.
Тел.: 30-47-04. 30-50-57