Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кылымдарды карыткан улут байлыгы

28 Янв 2016

2016-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу “Мурас” фондунун колдоосу менен А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “2016-жыл Тарых жана маданият жылы” деп жарыяланган Жарлыгынын алкагында “Кылымдарды карыткан улут байлыгы” аттуу китеп көргөзмөсү өткөрүлдү.

Көргөзмөгө кыргыз эл жазуучулары К. Жусупов, М. Абакиров, К. Ашымбаев, А. Өмүрканов, филология илимдеринин доктору С. Байгазиев, филология илимдеринин кандидаты, доцент Ш.Искендерова, Г. Орозова, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимий окумуштуулар жана маданият кызматкерлери, акын-жазуучулар, студенттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Улуттук китепкана директору Ж. Бакашова бул иш чараны кириш сөз менен ачты. Ал төмөнкүлөргө токтолду. Бүгүнкү жаңы доор адамзаттын жалпы цивилизациясынын заңгыраган чоң жолуна, улуу бурулушка бет алгандыгын баамдап жатабыз. Аң-сезимдин жетилгендигин тилибиз менен дилибиз, тарыхыбыз менен адабиятыбыз, кылымдарды жылоолоп өнүгүп келген маданиятыбыздын эртеңки тагдырына кам көрүү маселесин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаев «2016-жыл Тарых жана маданият жылы» деп Жарлык жарыялады.
Өлкө башчысынын Жарлыгында бул жылы бир катар иш-чаралардын аткарылышы, тарыхыбызды тактап, маданиятыбызды өнүктүрүшүбүз керектигине өзгөчө басым жасоого көңүл бурду.Мына ушул маданияттын пайдубалы болгон, кыргыз элинин фундаменталдуу байлыгын, акыл-эсин топтогон жалпы адамзаттын руханий дөөлөтүнүн көөнөрбөс казынасы болгон Улуттук китепканабызда быйылкы жылда кыргыздын маданиятына, тарыхына байланышкан көптөгөн иш-чаралар планга киргизилди. Улуттук китепкананын фойесинде Жарлыкты ишке ашыруу Ата журтубуздун маданият мурастарын сактоо боюнча биринчи иш-чара саамалыгын «Кылымдарды карыткан улут байлыгы» аттуу китеп көргөзмөсүн уюштурдук. Бүгүнкү китеп көргөзмөдө Орхон-Енисей таш жазуулары, «Манас» эпосу жана кенже эпостор, Карахандар доорундагы жазма маданият, жазма адабияттын жерпайын түптөгөн акындар, оозеки жана ырчылык жөнүндөгү документтик материалдар көргөзмөнүн негизги темасы болуп эсептелет. Сөз кыргыз эл жазуучусу К. Жусуповго берилип, ал VI-IX кылымдардагы Орхон-Енисей таш жазуулары поэтикалык чыгармалар экендигин (кошок, керээз ж.б.) жана түрк элдерине бирдей орток адабий мурастар деп айтылгандыгы белгилүү экенин баса белгилеп, Енисей таш жазууларын иликтеген атактуу окумуштуулар Томсен менен Радлов ал жазуулардын кыргыз элине көбүрөөк тиешелүү экендигин айтышканын айтып өттү. Орхон-Енисей таш жазууларындагы поэтикалык чыгармаларда «кыргыз» деген элдин атынын бир канча жолу, Култегиндин эстелигинде сегиз жерде, Тонукөктүн эстелигинде үч жерде жолукканын тастыктаган. Ал эстеликтерде казак, өзбек, түркмөн, азербайжан ж.б. биринин да аты аталбагандыгы белгиленген.
Мына ушул байыркы жазмабызга Орто кылымдар мезгилинин адабий мурастары, Орхон-Енисей жазма эстеликтери, байыркы түрк жазма мурастары «Огузнааме» дастаны, «Коркут ата» китеби, Талас таш, Абу-Насыр аль Фарабинин чыгармалары кирет.
Филология илимдеринин доктору С. Байгазиев «Манас» эпосубуз байыртадан бери айтылып келаткан баян гана эмес, кыргызга түгөнбөгөн түбөлүк таалим. «Манас» көчмөн цивилизациянын алтын казынасы. «Манас» эпосуна кыргыз элинин көп кылымдык акыл эси, даанышмандыгы, тарыхы, үрп адаты, салт-санаасы, философиялык, астрономиялык, согуштук жана башка көз караштары камтылган. Мына ушулардын баары Буга чейинки доорлордун бизге калтырган мурастары. Ошон үчүн азыр «Манас» эпосундагы осуяттарды кастарлоо, үйрөнүү, өрнөк катары колдонуу маселеси катары колдонуу маселеси козголуп отурат деп баса белгиледи.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу Кайрат Белек байыркы
таш жазуулары жөнүндө өзүнүн изилдөө иштерин катышуучуларга айтып берди. Карахандар доорундагы кол жазма адабиятына Жусуп Баласагындын дүйнөлүк адабияттагы эң баалуу адабий эскерткичтердин бири – «Кутту билим» дастаны, дүйнөлүк мааниге ээ «Түрк тилдеринин сөздүгүнүн «Дивани лугат ат-түрк» деген Махмуд Кашгаринин, чыгыштын улуу ойчулдары Аль Фараби, Абу Райхан Бируни, Кулкожоакмат – Ахмет Ясави, Навои, Бабур, алардан кийинки Хакани, Шамшидин Озгонду, Зыйнат, ошондой эле «Кодекс куманикус» («Кыпчактар китеби») кирет. Булардын чыгармалары орто кылымда түрк тилинде сүйлөгөн элдерге, ошонун ичинде кыргыздарга да таандык.
Тарыхый өнүгүү жолунда эки миң жылдан ашуун мезгил эркиндиги, көз карандысыздыгы, биримдиги үчүн күрөшүп келген кыргыз эли, элдик дөөлөттөрдү аздектеп, жогору баалап, муундан-муунга өткөрүп келишкен. XIX жана ХХ кылымдарда жашап, өз көздөрү менен көргөн окуялары кагаз беттерине ыр түрүндө жазып калтырышкан. Ш.Искендерова, Г.Орозовалар кыргыз адабиятынын жерпайын түптөгөн жазгыч акындар Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Нурмолдо, Алдаш Молдо, Тоголок Молдо, Ысак Шайбеков, Абылкасым Жутакеев, Токтораалы Талканбаев сыяктуу бир катар акындардын чыгармаларын кошуп айтып өтүштү.
XIX кылымдын экинчи жарымы менен XX кылымдын башында Россия падышачылыгынын колониялдык саясатты жүргүзүшү тарыхый кырдаалга жараша кыргыз акындары тарабынан ар кандай түшүнүктө сүрөттөлгөн. Жазгыч акын Молдо Кылыч «Зар заман» дастанын баштап, өзүнөн мурдагы Калыгул, Арстанбектердин «Акыр заман», «Тар заман», жазгыч акын Ысак Шайбеков эки доордо өмүр сүргөн, анын элге тааныткан «Азган эл», «Кайран эл», «Кайткан эл», «Зилзала» ж.б. чыгармаларындагы ошол кездеги заманага мүнөздөмө берип, андан ары уланткан.
Замана темасына жазгыч акындар Молдо Нияз «Замана», «1913-1914-жылдардагы хуторлор тууралуу ырларында», Алдаш Молдо «Хал заман» ырларында санат, казал түрүндө чагылдырылса, акындар, ырчылар Токтогул, Тоголок Молдо, Барпы, Жеңижок чыгармаларында өз баштарынан өткөн ачуу чындыкты, кош эзүүнү жалпы элге жарыя кылышкан.
Кыргыз элин билим алууга, тарыхты билүүгө чакырган Осмоналы Сыдык уулунун 1913-жылы Уфада чыккан «Мухтасар тарых Кыргызыйа», 1914-жылы чыккан «Тарых кыргыз Шадманыйа» китептери өзүнчө санжыра тарыхты баяндайт.
Анда азыр Орхон-Енисей таш жазуулары, Карахандар доорундагы кол жазма адабияты, улуттук жазма адабиятын түптөгөн акындар, оозеки жана ырчы-акындар жөнүндө адабиятчылардын, окумуштуулардын, акын-жазуучулардын талдоо баяндоосуна кезек берсек, ошондой эле Жарлыктын маани-максатына ой-пикирлерди, каалоолорду, сунуштарды билдирет деген ойдобуз.