2012- жылдын 14- майында саат 13:00 дө КРнын Улуттук китепканасынын конференциялык чоң залында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын академиги, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Түгөлбай Сыдыкбековдун 100 жылдыгына арналган “ Кыргыз адабиятынын патриархы, улуу калемгер,xx кылымдын Бакайы”аттуу китеп- сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү.
Китеп- сүрөт көргөзмөнү КРнын Улуттук китепканасынын директору, профессор Бакашова Жылдыз Кемеловна кириш сөз менен ачты.КРнын Жогорку Кеңешинин билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев кыргыздын классик жазуучусу, Т.Сыдыкбеков кыргыз совет адабиятына негиз салган чебер калемгерлердин бири, ал саны боюнча он төрт роман жазып,жазгандары болжол менен 850 басма табактан туруп, 35 томдон ашык болчудай.Кыргыз профессионал адабиятында мындай өнүмдүу иштеген бирден- бир сүрөткер инсан деп айтты.Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов биз кара сөздүн падышасы Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармалары менен таалим – тарбия алып чоңойдук. Сыдыкбеков XX кылымдын Бакайы, ал элине таанымал,кыргызды дүйнөгө тааныткан инсан деди. КРнын Баатыры, Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуев улуу жазуучуну эскерип:
Калк камын көрүү Сизге максат болду,
Калк оюн каламыңыз актап койду.
Башыңыз аскар сымал көккө жетип,
Чачыңыз ак мөңгүдөй аппак болду.
деген сыяктуу ыр саптарын окуду.
КРнын Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев кыргыздын адабияты, жана тили үчүн Сыдыкбековдой күйгөн жазуучу жок. Сыдыкбеков улуттун сыймыгы.Азырга чейин алп жазуучунун наамындагы көчө берилбегени зээниңди кейитет деп кошумчалады.КР нын Жогорку Кеңешинин депутаты Каныбек Иманалиев 1990- жылдары кыргыздын 100 000 деген жаштары Арча- Бешик жаңы конушунан жер алганда, Түгөлбай атаны караан кылып астыбызга салып, атанын айбаты, сүрү, турган турпаты, атуулдук эрдиги менен жер тилкесине ээ болгонубуз азырга чейин көз алдымда. Нечендеген жаштар өз мекенинде батирлеп,үстүндө үйү жок жаш жубайлар ошондо кадимкидей ыраазы болушканын эскерди.Сыдыкбековдун уулу Сабыр ага, атасынын 100 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде төрт жерге уюштурулуп жатканы көңүл кубандырат. Китеп- сүрөт көргөзмө абдан жакшы жасалып, бул жерге 150 дөн ашык гезиттик материалдар, 120 дан ашык атамдын калемине таандык көркөм китептер коюлуп, үй- бүлөлүк сүрөттөр менен толукталыптыр деп сөзүнүн соңунда Улуттук китепкананын директоруна, жамаатына терең ыраазычылыгын билдирди. Аягында “Нурборбор” чыгармачыл академиясынын “Жаңы толкун” клубунун мүчөлөрү Т.Сыдыкбековдун ырларынан көркөм окуп беришти. Иш- чарага 300 дөн ашык акын- жазуучулар, коомдук ишмерлер, студенттер, мектеп окуучулары, жазуучунун замандаштары, туугандары, китепкананын кызматкерлери катышышты. ММКнын өкүлдөрү интервью алышып, сүрөткө түшүштү. Китеп- сүрөт көргөзмө өз максатына жетти.