Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз алиппесине 100 жыл

16 Фев 2011
{mosimage}2011-жылдын 15 — февралында саат 11.00дө Улуттук китепкананын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүндө кыргыздын алгачкы “Алибфе яки тута окуу” китебине 100 жыл толгондугуна байланыштуу “Кыргыз алиппесине 100 жыл” аттуу китеп көргөзмөсүнүн ачылышы өткөрүлдү.
Көргөзмөгө кыргыз элинин биринчи агартуучу — илимпозу, алгачкы алиппенин автору И. Арабаевдин, К. Тыныстановдун, С. Нааматовдун, Б. Рысбекова, С. Турусбеков, Б. Рысбекова, К. Сартбаев, З. Маразыкова, Б. Абдухамидова жана С. Рысбаевдердин китептери, макалалар, газеталык публикациялар, авторлордун изилдөө эмгектери 6 шкафка жайгаштырылып, көргөзмөнүн материалдары менен китепкананын окурмандары таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Кыргыз жана казак балдарына арналган “ Алибфе яки тута окуу” китеби 1911-жылдын 15- февралында “Шарк” басмаканасында (араб тамгасында) басылып чыккан. “Алибфе яки тута окуу” (“Алиппе- жаки төтө окуу”) көлөмү боюнча 52 беттен турат. Ага баары болуп 74 дарс киргизилген. Уфа шаарындагы “Галия” медресесинде билим алып жатышкан комиссиянын чечими менен кыргыз жигити Ишенаалы Арабаевди “Алибфеге” биринчи автор катары бекитишет.
Көргөзмөнү Улуттук китепкананын директору, профессор Ж. К. Бакашова ачып, КР Президентинин кеңешчиси С. Раев, КР маданият жана маалымат министринин орун басары К. Кулуев, филология илимдеринин докторлору С. Байгазиев, Т. Абдрахманов, К. Токтоналиев, И. Абдубалиев, акын Нурпаис Жаркынбай, № 69 орто мектептин директорунун орун басары А. Маткеримовалар алгачкы кыргыз алиппеси жөнүндө чыгып кеңири сөз сүйлөштү. Көргөзмөнүн ачылышына мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимий жана маданият кызматкерлери, акын, жазуучулар, студенттер, мектеп мугалимдери, Бишкек шаарынын № 86 орто мектебинин окуучулары, китепкана кызматкерлери, массалык – маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты. Кыргыз алиппесине арналган көргөзмө катышуучулар тарабынан кызуу колдоого алынып, өз максатына жетти.
{mosimage}{mosimage}{mosimage}