Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин туулган күнүнүн 70 жыл

02 Мар 2020

2020-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин туулган күнүнүн 70 жылдыгына карата “…Жазгандарың жан дүйнөнүн дарысы…” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Көркөм сөзгө эң азем, кереметтүү маани берип, новатор катары жаңы багытка акындарды багыттап бараткан акын Ш. Дүйшеев (1950) Нарын областына караштуу Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында туулган.

Айылдык орто мектепти бүтүп, армиянын катарында кызмат өтөгөн. Мектепте пионер важатый, ПМКада бетонщик, МСОдо куруучу, совхоздо жумушчу, Ат-Башы райондук газетасында кабарчы, заводдо формовщик болуп иштеген.
1980-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн ийгиликтүү бутуп, эмгек жолун “Нарын правдасы” газетасында кабарчы болуп иштеп баштаган. Нарын облустук телерадио уктуруу комитетинде редактор, 1983-1990-жылдары Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы улуттук филармониянын адабий бөлүмүнүн башчысы, 1990-1996-жылдарда “Ала-Тоо” адабий көркөм коомдук саясий журналында бөлүмдүн редактору, “Кыргызстан маданияты” жумалыгында бөлүм башчы, “Асаба” газетасында кабарчы, редактордун орун басары, биринчи орун басары, “Агым” газетасында да үзүрлүү эмгектенди.
Учурда акын “Азаттык” радио берүүсүндө кызматкер болуп иштейт. “Тилим-дилим”, “Басма сөз баяндамасы” аттуу түрмөктөрдү алып барат.
Ш. Дүйшеевдин чыгармачылыгына көз салсак чыгармалары мезгилдүү басылмаларга 1968-жылдан бери жарыяланып келе жатат.
Анын алгачкы поэтикалык ырлар жыйнагы 1985-жылы “Аптап” деген ат менен басмадан жарык көрүп, ага удааалаш эле “Сүйлөшкөнгө чейинки сөз” (1989), “Кайдыгерлик” (1991), “Тайгүлүк” (1991), “Арабадагы ыр” (1999), “Арабадагы ыр 2” (1999), “Эки дөөнүн күрөшү” (2009), “Алтайдын ошол поюзу” (2010), “Агындылар I II” (2013) аттуу ыр жыйнактары, публицистикалары, пародия, айтыш, сатира, тамаша, обондуу ырлар, поэмалар, кара сөздөр, автордун өз башынан өткөн тагдыр жолун камтыган жыйнактары басмадан басылып чыгып, окурмандардын китеп текчесин гана байытпастан, адабият күйөрмандарына зор кубаныч тартуулады.

Ал улут үчүн улуу чыгармаларды жаратып улуттун аң-сезимин ойготту. Эркин ыр формасында кыргыздын кымбаттыгын, улутубуздун улуулугун, кайдыгерлик муң-зарларды, тилбезерлерди, ар-намысты тебелегендерди, демократияны, караңгылыктын атасы Эштек сыяктууларды Кудай берген талантынын көрөңгөсү менен көбүртүп, ыр саптарына кошуп жазып кыргыздын залкар акынына айланды.

Акындын ырлары поэзия дарыясынан атырылып куюлуп турат. Поэзия дарыясы бул утурумдуу аккан дайра эмес, анын дарыясы башкалардан өзүнүн түбөлүктүүлүгү менен айырмаланат. Түбөлүктүү бул поэзияга акындын жүрөгүнөн оргуштап чыккан асыл ой берметтери, каны-жаны аркылуу муунун аралап өтүп, сыбызгыдай сызылып төгүлүп турат.

Ырларынын басымдуусу учурдагы актуалдуу темаларга арналган. Бул тамызган балбан саптарынын арасында куйкуму күч сатира, сарказм, афористик дидактикалык санаттар, Пегас канатына минген күлүк саптар жана фольклор да кездешет.
Акындын афоризмдери эстетикалык көркөм салмагы боюнча төө көтөргүс. Ошондуктан эл оозунда, калк энчисине айланып жашап келе жатат. Көөнөрбөс эмгектери көркөм сөздүн эл талашып окуган энциклопедиясы десек аша чаппайбыз.
Ш. Дүйшеев “Манас” эпосуна кайрылып, Манастын демин, рухун, ыргагын ал турсун лексиконун сактап логикасын, көркөмдүгүн философиясын алда канча тереңдетип, “Эки дөөнүн күрөшү” аттуу дастанында Кошой дөө менен Жолой дөөнүн күрөшүн озгочо бир жаңы сапаттык мазмунуна жазды.

Ал 9 китептин автору. Анын миссиясы өзүнүн ырларындагыдай чыркыраган чындыкты коргоого багытталган. 1987-жылдан бери Жазуучулар союзунун мүчөсү. Акындын адабиятка кошкон салымы өкмөт, коомчулук тарабынан жогору бааланып, 2006-жылы ага Кыргыз Республикасынын эл акыны деген ардактуу наам берилген. Б. Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктын (2006) жана Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын (2011) лауреаты болгон. 2010жылы III даражадагы Манас ордени менен сыйланат.

Чыгармачылыгы жетилип, ырынын ойлору тереңдеп чеберчилиги арта баштаган акындын эргүүдөн жаралган ырлары жүрөктөн чыгып, жүрөккө жетип окурмандарына ырахат тартууласын демекчибиз.

Көргөзмөдө акындын китептери жана газета-журналдык материалдар жайгаштырылды.
Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208.
Кыргыз Республикасынын Алыкул .Осмонов атындагы Улуттук китепканасы. Тел.: 30-47-04