Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз эл жазуучусу, журналист, публицист жана сатирик Калкамбай Ашымбаев 85 жашта

13 Ноя 2017
2017-жылдын 20-октябрында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде Кыргыз эл жазуучусу, журналист, публицист жана сатирик Калкамбай Ашымбаевдин 85 жаш курагына арналган
“Акылга дыйкан ойго бай,
Акылман кары Калкамбай”

аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү, жолугушуу кечеси өткөрүлдү.
Көргөзмөгө КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары М.Абдыжапаров, КР Жазуучулар союзунун төрагасы А.Рыскулов, филология илимдеринин доктору Л.Үкүбаева, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер С.Жетимишов, “Ысык-Көл” фондунун төрагасы А.Алиев, “Бугу коомунан” Ж.Мамбетов, педагогика илимдеринин доктору Ж.Каниметов, Кыргызстан Эл Ассамблеясынан А.Тажиев, Коммунисттер тобунан Эгемберди Шермат, С.Усупов, акын, жазуучулар, маданият жана илимий кызматкерлер, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Китеп-сүрөт көргөзмөсүн Улуттук китепкана директору Ж.Бакашова кириш сөз менен ачты. Ал төмөнкүлөргө токтолду.
Кыргыз адабиятына салым кошкондордун бири, кыргыз эл жазуучусу публицист жана чыгаан сатирик Калкамбай Ашымбаев болуп саналат.
Агайдагы жазуучулук тагдыры сыдыргыга салгандай шыдыр, эч качан атак-даңкка умтулбаган бийиктиги, тыным албай эмгектенүүсү менен гана ушундай даражага жетип олтурат.
Ал коомчулукта чебер публицист катары да белгилүү. “Батакөй чал”, “Бой тумар” аттуу чыгармалары мектептерде окуу программасына киргизилип учурда окутулууда. Анын калеминен жаралган оргуп чыккан ой булагы, сөз кунары кыргыз адабиятын жаңы мазмун, жаңы форма табылгалары менен байытты. Ал жаңычыл новатор калемгерлиги менен таанымал. Публицисттин чеберчилиги “Даанышман”, “Акылмандын каухар таш” асыл-ой берметтеринен ачык көрүнөт.
Филология илимдеринин доктору Л.Үкүбаева, Ж.Каниметов, М.Абдыжапаров, А.Тажиев, Э.Шермат, Ж.Мамбетов, С.Усуповдорго сөз берилип, алар К.Ашымбаевдин тунук акылы, асыл адамгерчилиги, адабияттын гана эмес, мезгилдин да күрөө тамырын кармай билген жана жоопкерчиликти сезе билген өзгөчө сезимталдыгы, улуттук адабиятыбыздын төрүнөн орун алып, өзүнүн өрнөктүү өмүрү жана чыгармачылык тагдыры аркылуу атпай кыргыз журтунда мекен деп соккон атуулдун жүрөгү, ак пейили, бийик адамгерчилиги, ажайып аңгеме, эсселери, повесттери, романдарын жазгандыгын айтып өтүштү. Калкамбай Ашымбаевди 85 жаш кутман курагы менен чын ниеттен куттукташты, чыгармачылык менен адатыңызча арыбай чоң жаңы серелерге жете бериңиз деп каалоо-тилектерин айтышты.
Кыргыз адабиятына сиңирген эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», «Кыргыз эл жазуучусу» деген наамдар берилген, көптөгөн Ардак грамоталар,медалдар жана “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси менен сыйланган.
К.Ашымбаев Кыргыз жазуучулар, Кыргыз журналисттер союзунун мүчөсү, И.Арабаев атындагы, К.Тыныстанов атындагы университеттеринин Ардактуу профессору.
КР эмгек сиңирген артисттери А.Ибраев, Б.Шатенов, “Камбаркан” тобунун солисти Э.Тажиевалар ырдап беришти. Шубин атындагы музыкалык окуу жайынын комузчулар ансамбли Н.Абдрахмановдун “Алтын балалык”, Т.Сатылгановдун “Чайкама” аттуу күүлөрүн аткарып беришти.
Иш чара катышуучулар тарабынан кызуу колдоого алынып, өз максатына жетти.