Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ЧЫГААН УУЛУ ЧАЛАГЫЗ ИСАБАЕВ.

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ЧЫГААН УУЛУ ЧАЛАГЫЗ ИСАБАЕВ.
12 Дек 2023

2023-жылдын 12-ноябрынан тартып маданият жана искусство бөлүмү комузчу, “Камбаркан” ансамблинин негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек синирген ишмери Исабаев Чалагыздын 85 жылдыгына арналган «Кыргыз элинин чыгаан уулу» аттуу китеп сүрөт көргөзмөнүн тартуулайт. Чалагыз Исабаев 1937-жылы Ысык-Көл облусунун Темир айылында туулган. Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайынан, андан соң Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик искусство институтунан кесипкөйлүк билим алган. 1957-жылы Кыргыз мамлекеттик филормонияда Карамолдо Орозов атындагы кыргыз эл аспаптар оркестиринин артисти болуп чыгармачылык ишин баштаган.
15 жыл бою филормонияда комузчулар оркестирин жетектеген. Анын жетекчилигинде комузчулар дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө концерт берген. Ансамбль Франция, Канада, Япония, Сирия, Финляндия, Монголия, Америка, Түркия жана союздук республикалардын бир топ шаарларында концерт койгон. Токтогул, Атай Огомбаев, Карамолдо Орозов, Ыбырай Тумановдун күүлөрүн дүйнөнүн булуң-бурчуна тааныткан. Көргөзмөдө Чалагыз Исабаев жөнүндө китептер, журналдар, сүрөттөр орун алды.