Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз элинин демократ акыны Тоголок Молдонун 150 жылдык мааракесине арналган коргозмо

23 Ноя 2010
2010-жылдын 19-ноябрында саат 10: 00 дө Кыргыз республикасынын мамлекеттик тарых музейинде тунгуч жазгыч акын Тоголок Молдонун (Байымбет Абдырахманов) 150 жылдыгына арналган “Кыргыз элинин демократ акыны Тоголок Молдонун 150 жылдык мааракесине арналган көргөзмө” болду.
Кыргыз элинин демократ акыны Тоголок Молдонун балалык күндөрү атактуу комузчу, ырчы, чоң атасы Музоокенин жана Жумгалдагы таякелеринин колунда өсөт. Болочок акын чоң атасынын колунда жүргөндө дин мектебинен окуп, кат сабатын жоёт. Акындын казак жана татар тилдеринде басылып чыккан адабияттарды окуп, кыргыз, казак элдеринин белгилүү ырчылары менен таанышышы анын чыгармачылыгынын өсүшүн арттырган.
Тоголок Молдонун чыгармаларында элдик ырлардан кошоктордон тартып, “Шырдакбек”, “Жаңыл Мырза”, “Мендирман”, “Эр Эшим” дастандарына, кыргыздын монументалдуу эпосу “Манас” үчилтигине чейин бар. Ал “Телибай тентек”, “Жети таз менен жеке таз”, “Бабыркан” деген жомоктору жана башка легендаларды кайра иштеп элге жеткирген.
Акындын кошокторунда (“Дыйкандын аялынын кошогу”, “Мергенчинин аялынын кошогу”) жана арман ырларында “Чалга берген кыздын арманы”, “Насыяга берген кыздын арманы” жөнөкөй адамдардын эмгеги, адамкерчилиги, чыныгы турмушу айгинеленет.
Ал эми тамсилдеринде (“Бөрү менен түлкү”, “Эшек менен булбул”), поэмаларында(“Кемчонтой”, “Манаптардын залимдиги”, “Куба кой менен ээсинин айтышканы” ж.б.) бөрүдөй ачкөз залимдери,түлкүдөй куулары сынга алынып,каармандардын типтүү образдары чагылдырылган. Совет бийлигинин алгачкы мезгилдеринде жаңы замандын артыкчылыгы даңазаланган “Өзгөрүш”, “Аялдар азаттыгы”, “Аткан таң менен Сүйгөнбай”, “Эркиндик” деген поэмаларды жазган.
Акындын балдарга арналган “Үркөр-үркөр топ жылдыз”, “Турумтай”,”Торпогум”, “Куштардын аңгемеси”, “Жер жана анын балдары” аттуу чыгармаларында өз өлкөсүнүн жаратылышы,тоолору, суулары, өсүмдүктөрү жөнүндө философиялык ойлорун билдирген. Ошондуктан аны балдар адабиятынын негиз салуучусу деп бекеринен айтышпаса керек.
Ал 1939-жылы Кыргыз искусствосунун Москвадагы декадасына катышып, өкмөт тарабынан “Ардак белгиси” ордени менен сыйланган. Акынга арналып Бишкек шаарында эстелик тургузулуп, бир көчөгө анын ысымы коюлган.
Тоголок Молдо жөнүндөгү маалыматтар көргөзмөнүн бөлүмдөрүндө көптөгөн китептер, монографиялар, брошюралар, макалалар, очерктер, эскерүүлөр, кабарлар, маалыматтык билдирүүлөр, ошондой эле калемдештеринин,замандаштарынын чыгармачылык портреттери орун алган. Көргөзмөгө акын-жазуучулар маданий жана илимий кызматкерлер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, жердештери, жалпы окурмандар катышышат.