Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

КЫРГЫЗ ФАРМАКОЛОГУ, ТОКСИКОЛОГУ ЖАНА КОТОРМОЧУ АБДУЛХАЙ АЛДАШЕВДИН 105 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КӨРГӨЗМӨ.

КЫРГЫЗ ФАРМАКОЛОГУ, ТОКСИКОЛОГУ ЖАНА КОТОРМОЧУ АБДУЛХАЙ АЛДАШЕВДИН 105 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КӨРГӨЗМӨ.
20 Дек 2023
Бүгүн, 2023-жылдын 20-декабрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлумүндө көрүнүктүү кыргыз фармакологу, токсиколгу жана котормочу, сөздүкчү, ветеринария илимдеринин доктору, профессору Абдулхай Алдашевдин 105 жылдыгына арналган көргөзмөсү уюштурулду. 1918-жылы Жети-Өгуз районуна караштуу Ак-Кочкор айылында туулган. Абдулхай Алдашев Кыргыз айыл чарба институтун1939-жылы бүтүргөнт жана Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу. Ветеринария илимдеринин доктору даражасын 1965-жылы, профессор наамын 1966-жылы алган. 500 дөн ашык илимий эмгектин, 20 монография, 11ойлоп табуунун, 2 окуу куралынын автору. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ветврачы, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Китеп көргөзмөсүнө: жарыялаган эмгектери, сөздүктөрү, котормолору, адабий чыгармалары коюлду.