Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз ханышасы Курманжан даткага 200жыл

16 Фев 2011
{mosimage}Улуттук китепкананын “Кыргыз китеби” бөлүмүнүн окуу залында 2011-жылдын 17-февралынан 25-февралга чейин Алай ханышасынын башкаруучусу Курманжан датканын 200-жылдык юбилейине карата “Кыргыз ханышасы Курманжан даткага 200жыл” деген темада китеп көргөзмө уюшулду.
Ар бир эле адамдын жашап өткөн жолу, тагдыр-таржымалы тарых үчүн кызмат кыла бербейт. Көзүнүн тирүүсүндө эле ооздон-оозго өтүп, даңазалуу санжырага айланган Курманжан датканын ысымы элибиздин тарыхына бекем сиңген.
Көргөзмө Курманжан датка жөнүндө кызыктуу жана пайдалуу тарыхый материалдар менен камсыз болду.
Курманжан Маматбай кызы (1811-1907)- алайлык кыргыздардын башкаруучусу. “Алай ханышасы” деген ат менен белгилүү. Оштун аймагын жердеген адигине уруусунан чыккан. Кудалап барган биринчи күйөөсүн чанып, 1832-ж. Алайды башкарган Алымбек датканы жактырып, ага турмушка чыккан. Аны менен 29 жыл бирге жашап, анын акылдашы, көмөкчүсү болгон, 5 бала төрөгөн. 1862-ж. күйөөсү Алымбекти Кокон хан сарайындагы козголоңчулар өлтүргөндөн кийин Алайды башкарууну Курманжан өз колуна алган. 1864-ж. Бухара эмири ага датка деген мансап наамын ыйгарган. Даанышман аял кыргыз урууларынын ички чыр-чатактарын басып турууга өз үлүшүн кошкон. Алардын биримдиги аркылуу Кокон хандыгына көз каранды болбоого умтулган. Мындай аракет орус аскерлери Фергана аймагында кирип келгенде да байкалаган. Россиянын букаралыгына өттүүдөн баш тартып, Кашкар тарапта көчүп кеткен. Бирок саясий кырдаалды түшүнгөндүктөн,1876-ж. Алайлык кыргыздар Россияга кошулгандыгын билдирген. Падышачылык бийлик Курманжанга полковник наамын берген.
Көргөзмөгө “Курманжан датканын басып өткөн жолу”, “Курманжан датканын ишмердүүлүгү” деген бөлүмдөр менен жабдылып, тарыхчылардын, окумуштуулардын ой-пикирлери менен жазылган материалдар коюлду.