Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНЫН ЗАЛКАР ТАЛАНТЫ БАКЕН КЫДЫКЕЕВАГА 100 ЖЫЛ!

КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНЫН ЗАЛКАР ТАЛАНТЫ БАКЕН КЫДЫКЕЕВАГА 100 ЖЫЛ!
20 Окт 2023
2023-жылдын 20-октябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын, Кыргыз китеби бөлүмүндө, Бакен Кыдыкееванын 100-жылдыгына арналган эскерүү кечеси болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Бакен Кыдыкеева атындагы театрдын көркөм жетекчиси Руслан Курманалиев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Керимбек Кадыракунов, Кыргыз Эл артисти Бусурман Одуракаев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Омурзак Токтомуратов, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ысмайыл Кадыров, Б. Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын студенттери жана улуттук китепкананын кызматкерлеринин катышуусу менен коштолду. Иш-чаранын соңунда «Талант жана тагдыр» спекталинин үзүндүсү көрсөтүлдү.