Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз мамлекетинин залкар йкЇлЇ Калыгул Бай уулу

22 Окт 2010

(нет перевода)

Байыртан эле кыргыз эли актаңдай төкмө акындардын, чечендердин, сынчылардын айткандарын көздүн карегиндей сактап, муундан муунга мурас катары өткөрүп келген.
Төкмө акын Калыгул Бай уулунун 225 жылдык юбилейине карата Улуттук китепкананын “Кыргыз китеби” бөлүмүнүн окуу залында 2010-жылдын 20-26-октябрына чейин “Кыргыз мамлекеттигинин залкар өкүлү Калыгул Бай уулу” деген темада китеп көргөзмөсү уюшулду.
Көргөзмө көптөгөн пайдалуу, кызыктуу материалдар менен камсыз болду.
Кыргыздын элдик ырчылар поэзиясында Калыгул Бай уулу ХIХ кылымдын биринчи жарымында чыккан алгачкы ойчул, нускоочу “Замана” ыр агымынын баштоочу, жайылтуучу акыны катары айтылат жана бааланат. Бирок, ал элибиз азаттыка чыкканга чейин реакциячыл адабий-идеялык көрүнүштүн ана башчысы, заманачыл акын делип, бүтүндөй чыгармачылыгына кара көө жабылып, бир беткей баалангадыктан, калк арасынан чыгармалары жыйналбай, иликтенбей тебеленип, тепселип келген эле. Эми болсо залкар акындын чыгармаларынын агын ак, карасын кара деп ачык айтып, ак сүйлөп, ак дилден баа берүүгө, көмүлүп келген рухий мурастары көпчүлүккө тартууланып, окурмандардын баасына коюла баштады.
Китеп көргөзмөгө “Калыгул Бай уулунун өмүрү чыгармачылыгы”, “Калыгул Бай уулуна арналган баалуу эмгектер”, “Калыгул Бай улуу – кыргыздардын залкар олуя акыны” деген бөлүмдөр менен жабдылып, тарыхчылардын, окумуштуулардын ой-пикирлери менен жазылган материалдар коюлду.