Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз оозеки чыгармаларын жыйноочу, фольклорист Каюм Мифтаковдун 125 жылдыгы

29 Июн 2017
А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн окуу залында 2017-жылдын 30-июнунда Кыргыз оозеки чыгармаларын жыйноочу, фольклорист Каюм Мифтаковдун 125 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү уюштурулат.
Каюм Мифтаков 1892-жылы Уфа губерниясынын Златауст уездиндеги азыркы Башкырстандын Салават районундагы Насибаш айлында көп балалуу кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Улуту татар “Манас” эпосун изилдөөчү З. Бектеновдун сунушу боюнча 1947-жылы жазылган өмүр баянында “ … атам Гайнан, энем Гүлбадиян болуп, мен алардын 16 баласынын биримин. … Атам, энем дыйкан болуп бала-чакасы менен күнү-түнү иштөөчү эле, мен 6 жашымдан орок ордум, 7 жашымдан баштап чөп чаптым. Ошентип, бир баланы бекер койбой керели кечке иштечү элек”,- деп эскерген Мифтаков.
Мифтаков 1911-жылы медресени ийгиликтүү бүтүрүп, 1911-1919-жылдардын аралыгында Каюм Кустанай, Семипалантинск, Торгой, Жети-Суу өрөндөрүндө мугалим болуп иштеген. Ал оозеки мурастын маанисин терең түшүнүп, башкырт, татар, казак элдеринин оозеки чыгармаларын жыйноодо бир топ тажрыйба топтогон, Кыргыз фольклорун жыйноо, изилдөө, аларды мазмуну, тематикасы жана жанрдык бөтөнчөлүктөрү боюнча белгилүү бир тартипке келтирүү жумуштары жагынан да Мифтаков өтө көп эмгектенген. 1920-жылдардан баштап өмүрүнүн аягына чейин Мифтаков Кыргызстандын бардык айыл-кыштактарын кыдырып чыгуу менен жүздөгөн басма табак көлөмүндөгү оозеки чыгармалардын үлгүлөрүн жыйнаган. “Манас” эпосунун варианттарынан тартып макал-лакап, ар түрлүү ырлар, элдик поэмалар, калк башынан кечирген тарыхий окуяларды баян эткен санжыра сөздөргө чейин калк арасынан кагазга кастарлап түшүргөн. Ал кыргыз фольклорун жанрдык жактан классификациялоону да биринчилерден болуп колго алган. Мифтаковдун өмүрү менен иш-аракетинин кыргыз фольклористикасындагы өтө маанилүү учуру- Нарын аймагына оозеки чыгармаларды жыйноо экспедициясын уюштуруп, “Манас” эпосун Сагымбай манасчыдан жазып алуу ишин башташы болуп эсептелет.
Ат-Башы, Орто-Сырт, Ак-Сай, Арпа жайлоолорунда, Тогуз-Торо, Кочкор өрөөнүндөгү айыл-кыштактарда болуп, Сагымбай Орозбак уулу, Тоголок Молдо, Молдобасан Мусулманкул уулу сыяктуу кыргыз элинин белгилүү манасчы-акындардын чыгармаларын жыйнаган, Тоголок Молдодон “Семетей” эпосунан Семетейдин Айчүрөккө барганын, Молдобасан Мусулманкул уулунан ”Жаныш-Байыш”, “Эр Курманбек” эпосторун биринчилерден болуп жазып алган.
1936-1941-жылдары Жаңыбай Кожек уулунан “Семетей” эпасун кагаз бетине түшүргөн. Андан 50 миңге жакын сап ыр жазып алган. 1947-жылы Ош оластынын Ноокат, Алай, Гүлчө райондорунан санат, макал, ар түрдүү ырлар жана поэмалар менен катар “Эр Кошой”, “Манас”, “Семетей” эпосунан айрым эпизоддорду жазып алган.
Бул китеп көргөзмөгө анын өмүр баяны жана ал жөнүндө жазылган макалалар, газета – журналдардан статьялар жайгаштырылды.

Дареги: Бишкек ш. А. Осмонов ат. КР Улуттук китепканасы.
2 этаж № 57 каб. Тел. 30 – 46- 79.