Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз поэзиянын классиги А. Осмоновдун 95 жыл

31 Мар 2010

Улуттук китепканада 30-март 2010-жылы кыргыз элинин таланттуу акыны, кыргыз поэзиясынын классиги А.Осмоновдун 95жылдыгына арналган “Унутсаң өзүмдү унут, бирок да, Унутпа менден алган ырларыңды…” аттуу поэзия кечеси жана китеп көргөзмөсү Улуттук китепкананын чоң залында өткөрүлдү.

Көргөзмөгө 200дөн ашык чебер акындын ышкыбоз окурмандары, акын-жазуучулардан Жазуучулар кошунунун төрагасы А.Алымбаев,Маданиятка эмгеги сиңген ишмер С.Акматбекова, Ф.Абдалова, М.Мамазаирова, Кыргыз эл жазуучусу К.Жусупов, С.Жетимишов, С.Алтымышов,белгилүү акын Н.Алымбеков, Д.Юсупов ж.б.катышышты.

А.Осмоновдун эстелигине Улуттук китепкананын жалпы жамааты, жазуучу-акындар, студенттер гүл коюшту.
Улуттук китепканада акын А.Осмоновдун 95 жылдыгынын поэзия кечеси кызыктуу өткөрүлүп, акындар, жазуучулар, “Нур” жаш акындар борборунун, Улуттук китепкананын чыгармачылык топтору тарабынан акындын ырларын көркөм окушту, ал эми К.Жусупов, С.Акматбекова, котормочу К.Басылбековдор өздөрүнүн акынга арнаган китептерин, котормолорун, окурмандарга кызыктуу мисалдар менен айтып беришти. Композитор Абидин Темиров Алыкулдун сөзүнө жазылган обондуу ырларды окурмандарга тартуулады.
Көргөзмөгө А.Осмоновдун бардык чыгармалары, акын жөнүндө публицистикалык макалалар, материалдар, эмгектер коюлду.
Көргөзмөгө массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышып, интервью алышып, керектүү маалымат, материалдары менен камсыз болушту. Акынга арналган иш-чаралар өз максатына жетти.