Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз поэзиясынын классиги, акын, драматург, котормочу Алыкул Осмоновдун туулган күнүнө карата “Мендеги өмүр меники эмес сеники, Менин ырым, сеники эмес элдики” аттуу поэзия кечеси өткөрүлөт

Кыргыз поэзиясынын классиги, акын, драматург, котормочу Алыкул Осмоновдун  туулган күнүнө  карата  “Мендеги өмүр меники эмес сеники,  Менин ырым, сеники эмес элдики” аттуу поэзия кечеси өткөрүлөт
12 Мар 2019

2019-жылдын 14-мартында саат 11.00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө кыргыз поэзиясынын классиги, акын, драматург, котормочу Алыкул Осмоновдун туулган күнүнө карата “Мендеги өмүр меники эмес сеники, Менин ырым, сеники эмес элдики” аттуу поэзия кечеси өткөрүлөт.

Кыргыз адабиятынын классиги Алыкул Осмоновдун 21-март туулган күнү. Акындын тубаса талантына таазим кылып, Улуттук китепкананын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө поэзия кечесин уюштуруп жатабыз. Ар жылы акындын туулган күнүндө Алыкулду аздектеп, анын канаттуу поэзиясын даңктап, ушул күндү салттуу түрдө ыр майрамына айлантып келебиз.

Иш чарада Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаттары Г. Момунова, Р.Рыскулов, Ф.Абдалова, Б.Чотурова, Ж.Исабаева, М.Тентимишов, П.Казыбаев ж.б көптөгөн акындарыбыз Алыкул жөнүндө жана ага арнаган ырларынан көркөм окуп беришет. Алыкул Осмоновдун ырлары көркөм чеберчиликте окулуп, обондуу ырлары аткарылат. Б. Бейшеналиев атындагы Маданият жана искусство университетинин студенттеринин демилгеси менен даярдалган “Алыкул”(сценкасы) коюлат. Алыкул Осмоновдун ырларынан викторина ойнотулат.

Алыкулдун ырларынын өзгөчөлүгү бар, кыргыз поэзиясын жаңы бийиктикке көтөргөн акын. Ал дүйнөлүк жана орус адабиятына кызыгып, алардын бир тобун эне тилине которуу менен бирге чыгармачыл мектептен өтүп, кыргыз фольклоруна терең маани берүү менен эл арасынан көптөгөн уламыштарды чогултуп, алардын негизинде ондогон поэмаларды жазган акын. Анын ырлары окурман үчүн таңкы шүүдүрүмдү жылаңайлак басып кеткендей таасир калтырат. А.Осмоновдун алтымыштан ашык ырларына обон чыгарылып, М.Убукеев, Л.Турусбекова, С.Ишенов сыяктуу кинорежиссерлор акын тууралуу тасма тартышкан.
Акындын бир нече жыйнактары, поэмалары жана балдарга арналган чыгармалары орус, англис, эстон, казак тилдерине которулуп, төрт ыры япон тилиндеги “Дүйнөлүк акындар” альманахына кирген.

А.Осмоновдун чыгармалары орто мектепте, жогорку окуу жайларда кеңири окутулат. Анын өмүрү, чыгармачылыгы боюнча көптөгөн адабий, публицистикалык жана илимий эмгектер, китептер жазылуу менен кыргыз адабият тарыхында Алыкултаануу багыты улам кеңири кулач жаюуда.

“Кылым бүтүп дүйнөдөн жок болмок да, Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар — деп Алыкул айткандай, артында калган чыгармаларын, ырларын окуп бүгүнкү күнгө чейин Алыкулду шедевр катары баалап келебиз.

Кечеге Алыкул Осмонов атындагы лауреаттар, акын-жазуучулар, ЖОЖдун студенттери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.