Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктөрүү жана тил саясатын өркүндөтүү” программасынын алкагында чыгарылган китептердин бет ачары А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында өттү.

“Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктөрүү жана тил саясатын өркүндөтүү” программасынын алкагында чыгарылган китептердин бет ачары А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында өттү.
17 Ноя 2023
2023-жылдын 17-ноябрында саат 9:00дө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктөрүү жана тил саясатын өркүндөтүү” программасынын алкагында чыгарылган китептердин бет ачары А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы, физика -математика илимдеринин доктору, профессор Каныбек Осмоналиев салтанаттуу аземди ачты. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору Эркебаев Абдыганы Эркебаевич, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз илимий гемотология борборунун түзүүчүсү, медицина илимдеринин доктору Раимжанов Абдухалим Раимжанович, А. Раимжанов атыдагы Медициналык борбордун директору, медицина илимдеринин доктору Раимжанов Абдрасул Абдухалимович жана башка катышуусунда болуп өттү.