Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны, Сооронбай Жусуевдин куттутоо барагы

15 Июн 2010
(нет перевода)
Ушул жылдын 26-май күнү сиздердин китепкана менин 85 жылдык мааракеме арнап уюштуруп, ачкан менин китеп көргөзмөмдү көп кишилер көрүп, өз пикирлерин мага айтышып, ыраазычылыктарын билдиришти.

Чынында эле чыгармачылык эмгегимди даана көргөзгөн. Ушул китеп көргөзмөнү эң жогорку деңгээлде өткөргөнүңөр үчүн, элден башта, Бакашева Жылдыз, Сизге, анан китепкананын кызматкерлери Эралиева Үмүтай, Токтоева Элизага чын жүрөгүмдөн чыккан алкышымды айтамын! Республикабыздын эң башкы Улуттук китепканасынын ишине жаңы, орчунду ийгиликтерди астейдил каалаймын!