Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз Республикасынын эгемендуулугуно 20 жыл

01 Сен 2011
{mosimage}2011-жылдын 30-августунда саат 14:00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 20 жыл” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы, Улуттук китепкана тарабынан эгемендүүлүккө арналып түзүлгөн “Кылымдарды карыткан кыргыз мамлекети” китебинин бет ачары жана манасчы Саякбай Каралаевдин аткаруусунда “Манас” эпосунун үзүндүлөрү жазылган дисктин бет ачары өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын 20 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөнү, китептин, дисктин бет ачарын Улуттук китепкананын директору, профессор Ж. К. Бакашова ачып, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, «Фирма Мелодиясынын» архивинде көптөгөн жылдар бою сакталып, адистердин күчү менен кайрадан кылдат жазылган жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналган С. Каралаевдин аткаруусундагы “Манас” эпосунун үзүндүлөрү жазылган белек катары берилчү дисктердин чыгарылуусу менен достук мамилебиз жана кызматташтык мамилебиз бекемделе берерине, Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата “Кылымдарды карыткан кыргыз мамлекети” аттуу библиографиялык көрсөткүч басылып чыккандыгын ошондой эле кыргыз мамлекетинин байыркы заманынан баштап, Совет дооруна чейинки тарыхы жана Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болгондон кийинки экономикалык, тарыхый, саясий жана башка өзгөрүүлөрү баяндалган адабияттар, документтер, макалалар орун алганына токтолду. Сөз Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, КР Президентинин кеңешчиси С. Раев, Маданият жана маалымат министринин орун басары К. Кулуевге берилип, мамлекетибиздин көз карандысыздыгыбыздын 20 жылдыгы менен куттуктап, “Мелодия” фирмасынын кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы Кыргыз Мамлекети менен Россия федерациясынын бекем достугу улана берерине терең ишенебиз деп баса белгилешти.
Россия Федералдык мамлекеттик “Мелодия” фирмасынын генералдык директору А. Б. Кричевский, Кыргызстандагы росскызматташтык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Л. Н. Дьяченкого сөз берилип, Кыргызстандын келечеги жакшы болоруна ишенебиз, бардыгыңыздарды эгемендүү майрамыңыздар менен куттуктайбыз жана Улуттук китепкананын жалпы жамаатына бул иш-чараны уюшкандык менен өткөргөндүгүн белгилеп терең ыраазычылыгын билдиришти. “Мелодия” фирмасы тарабынан чыгарылган С. Каралаевдин “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү аткаруусундагы дискти китепканага белекке тапшырышты. Ушундай эле каалоо сөздөрдү коомдук ишмер Д. Б. Сыдыков, “Титул-Азия”ишканасынын генералдык директору З. С. Сражидинов жылуу ой-пикирлерин каалап өтүштү.
Бүгүнкү китеп-сүрөт көргөзмөсүнүн экспозицияларына көптөгөн китептер, газеталык публикациялар, тарыхчылардын изилдөөлөрү, документалдуу сүрөттөр, уникалдуу тарыхый материалдар, бул эгемендүүлүккө арналган кыргыз авторлорунун эмгектери коюлган.
«Кылымдарды карыткан кыргыз мамлекети» бет ачары китебине (библиографиялык көрсөткүч) байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейин жазылган тарыхчылардын эмгектери жана Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болгондон кийинки экономикалык, тарыхый-саясий жана башка өзгөрүүлөрү жөнүндө баяндалган адабияттар, документалдык материалдар, макалалар кирди. Эгемендүү жылдардагы (1991-2011) тарыхый окуялардын хронологиясы берилди.
Көргөзмө 4 бөлүктөн турат:
1. Кыргыз Республикасынын тарыхы
2. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн жаралышы
3. Эл аралык байланыш
4. Кыргыз Республикасынын билим берүү, маданият, адабият жана көркөм өнөрү
Бул сүрөт-көргөзмөнүн, китептин, дисктин бет ачарына мамлекеттик, коомдук ишмерлер, маданият жана илимий кызматкерлер, акын-жазуучулар, массалык-маалымат каражаттарынын жана Россиялык “Фирма Мелодиясынын” өкүлдөрү, ошондой эле Москвадан атайын келген коноктор катышышты.
{mosimage}{mosimage}{mosimage}