Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз Республикасынын эгемендЇЇлЇгЇнй 26 жыл

28 Авг 2017
2017-жылдын 28-августунда Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын фойесинде “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 26 жыл” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
1991-жылы 31-августта “Кыргыз республикасынын көз карандысыздыгы жөнүндө Декларация” кабыл алынып, Кыргыз Республикасы көз карандысыз эгемендүү демократиялык мамлекет деп жарыяланат. Эгемендүүлүккө жеткен Кыргызстанда демократиялык өнүгүүнү камсыздоо, биринчи кезекте мамлекеттик түзүлүштү, республиканын ички жана тышкы саясаттарын аныктоо үчүн 1993-жылы 5-майда Жогорку Кеңештин XII сессиясында Кыргызстан – укук туткан, динге негизделбеген мамлекет болуп түзүлгөн эрктүү, биримдиктүү, демократиялуу республика деп жазылган.
Конституция жана мамлекеттин белгилери болгон символикалар – Желек, Герб, Гимнди жана мамлекеттик кыргыз тилди, расмий орус тилди кабыл алуу менен Кыргызстандын эгемендүү мамлекетинин түзүлүшү мыйзам ченемдүү болду.
Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден кийин эл аралык мамилелерге өз алдынча катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, КМШ жана дүйнө элдери менен ар тараптуу байланыштар чыңалды.
1992-жылы 1-февралда Бишкекте биринчи болуп АКШнын, 28-мартта Турциянын, көп узабай Кытайдын, Орусиянын, Германиянын элчиликтери ачылды. Ошол эле 2-мартта БУУнун Генералдык ассамблеясынын 46-сессиясында Кыргызстан БУУга мүчөлүккө кабыл алынган.
Бүгүнкү күндө Бишкекте 21 чет өлкөнүн элчиликтери иштеп жатат. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттерде 22 дипломатиялык жана 14 консулдук өкүлчүлөрү ачылган.
Бүгүнкү китеп-сүрөт көргөзмөсүнүн экспозицияларына көптөгөн китептер, газеталык публикациялар, тарыхчылардын изилдөөлөрү, документалдуу сүрөттөр, уникалдуу тарыхый материалдар, бул эгемендүүлүккө арналган кыргыз авторлорунун эмгектери коюлган.
Көргөзмө 4 бөлүктөн турат:
1. Кыргыз Республикасынын тарыхы
2. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн жаралышы
3. Эл аралык байланыш
4. Кыргыз Республикасынын билим берүү, маданият, адабият жана көркөм өнөрү.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208
Кыргыз Республикасынын А. Осмонов атындагы Улуттук китепканасы.
тел. 30-50-57, 30-47-04