Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз Республикасынын эл артисти Насыр Кытаевдин 100 жылдыгы

29 Дек 2017
2017-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын маданият бөлүмүнүн залында белгилүү театр жана кино актеру, опера ырчысы Кытаев Насырдын (1917-1999) 100 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өткөрүлөт.
Насыр Кытаев 1917 жылы, Кой-Ташайылында төрөлгөн. 1932-жылдан тартып 1936-жылга чейин Фрунзе шаарында музыкалык мектепте окуган.
1936-1941-жылдары Москвадагы А.В.Луначарский атындагы театр искусствосу институтунда билим алган. 1941-жылы курсташтары У.Исмаилова, А.Абдубачаев, А.Саргалдаев ж.б. менен бирдикте Кыргыз мамлекеттик драма театрына кабыл алынат . Ошондон тартып өмүрү өткөнчө ушул театрда иштеп, 100 дөн ашык роль ойногон. Студенттик кезде эле Насыр Кытаевдин шыңга бойлуу келебети, коңур жоон үнү, артисттик жөндөмүнүн тереңдиги менен айырмаланган. Ошондуктан ага, кийин театрга иштегени келгенде да европалык драматургиядан роль көп ыйгарылган.
Н.Кытаев 1-кыргыз студиясын бүтүп келгенде, ал жаштыгына карабастан У.Шекспирдин “Король Лир” трагедиясында Лирдин ролун ийгиликтүү ойноп келген. Кыргыз драма театрынын сахнасында жалпы улуттук масштабдагы бийиктикке көтөрүлгөн Олег Кошевой, Курманбек, Үмөтаалы сыяктууж.б. образдарды жараткан. Айрыкча Н.Кытаев жараткан Үмөтаалынын образы кыргыз сахна искусствосундагы жогорку үлгү болоорлук образдардын катарына кирет. Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» (1982) спектаклинде Манастын кыркчоросунун бири Тазбайматтын ролун ойногон. Драмада К. Тазбаймат бийликтин куралына айланган «камчы чабаардын», төрөлөрү каяка шилтесе ошол жакка кете бере турган акыл-сезими тайкы корсоңдогон мал жандуу адам.
Н.Кытаев драмалык артист гана болбостон операда да ырчы катары үнүн сынап, Учей-Фу, Кошой, Кузнецов сыяктуу партияларды ийгиликтүү аткарган. Насыр Кытаевдин кыргыз театр өнөрүнүн өсүп-өнүүгүснө кошкон зор салымы мамлекет тарабынан жогору бааланып, ага Кыргыз ССРинин эл артисти деген ардак наам ыйгарылып, бирнече орден, медалдлар менен сыйланган. Насыр Кытаев 1999 жылы дүйнөдөн кайткан.
Көргөзмөдө китептер, очерктер, эскерүүлөр, макалалар коюлган.

Дареги: Бишкек шаары. Ж.Абдрахманов көч.208
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы
Тел. 30-46-96 Маданият бөлүмү