Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ ЖАЗУУЧУСУ ЖУНАЙ МАВЛЯНОВДУН 100 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КИТЕП КӨРГӨЗМӨ.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ ЖАЗУУЧУСУ ЖУНАЙ МАВЛЯНОВДУН 100 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КИТЕП КӨРГӨЗМӨ.
23 Ноя 2023
2023 жылдын 23-ноябрында Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Массалык -маалымат жана маданий программалар бөлүмү тарабынан даярдалган эл жазуучусу Жунай Мавляновдун 100 жылдыгына арналган китеп — сүрөт көргөзмөсү ачылды.
Көргөзмөнүн ачылышына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин искусствону өнүктүрүү башкармалыгын начальниги Мамбетмусаева Салтанат Азисовна,
Ош мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу, адабиятчы Ызабекова Динара Абдрасуловна, Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Ж. Мавляновдун иниси милициянын генерал-мойору Мавлянов Абдыкапар Субанкулович жана башкалардын коштоосунда болуп өттү.