Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК БААТЫРЫ ТҮМӨНБАЙ БАЙЗАКОВГО 100 ЖЫЛ.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК БААТЫРЫ ТҮМӨНБАЙ БАЙЗАКОВГО 100 ЖЫЛ.
30 Окт 2023
2023- жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын эмгек баатыры артыкчылык даражасы ардактуу наамынын ээси, акын, котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Кыргыз эл акыны Меңди Мамазаирова, Түмөнбай Байзаковдун небереси Султан Байзаков, Динара Байзакова жана башкалардын катышуусунда болуп өттү.