Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИСКУССТВОГО ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ, КЫРГЫЗ СССРИНИН ЭЛ АРТИСТИ, ПРОФЕССОР ТАШТАН ЭРМАТОВГО АРНАЛГАН “КЫРГЫЗ МУЗЫКАСЫНЫН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ” АТТУУ КӨРГӨЗМӨСҮ.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИСКУССТВОГО ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ, КЫРГЫЗ СССРИНИН ЭЛ АРТИСТИ, ПРОФЕССОР ТАШТАН ЭРМАТОВГО АРНАЛГАН “КЫРГЫЗ МУЗЫКАСЫНЫН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ” АТТУУ КӨРГӨЗМӨСҮ.
18 Ноя 2023

А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын маданият жана искусство бөлүмү 2023-жылдын 18-ноябрда композитор профессионалдын бири, Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз ССРинин эл артисти, Профессор Таштан Эрматовга арналган деп аталган китеп сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Ал 1928-жылы Жалал-Абад обласынын Сузак районунудагы Ак-Баш айылында жарык дүйнөгө келген. Студенттик маалында эле симфониялык жана камералдык-инструменталдык чыгармаларды, сонаталарды жазып, атагы чыга баштайт. Алар «Кыргыз музыкасынын сюитасы», «Айылды эскерүү», «Симфониялык поэма ре мажор», «Фортепиано үчүн соната». 1958-жылы Москвадан келип, «Кыргызфильм» студиясынын коллегиясында, кийин музыкалык редактор кызматында эмгектенген. Анын кыргыз кино искуствосуна кошкон баалуу эмгектери төмөнкүлөр: «Улуу эпос», «Тоо шурусу», «Советтик Кыргызстан», «Ырдын жаралышы», «Бакайдын жайыты», «Уркуя», «Айсулуунун талаасы», «Улан», «Алтын күз». Анын аты кыргыз музыкасынын атактуу ишмерлери В.Власов, В.Фере, А.Тулеев, А.Аманбаев, М.Абдраев жана башкалардын катарында даңталып, учурда Бишкектеги музыкалык-педагогикалык окуу жайы анын атынан коюлган.