Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз Республикасынын китеп мурастарынын бирдиктЇЇ жыйынтыкталган каталогу

14 Июн 2010
(нет перевода)
2010 – жылдын 10-июнунда Улуттук китепкананын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүндө иш-чара болуп өттү. Мазмуну – республикадагы китеп мурастарын изилдөө иши тууралу. Ушул темада аталган бөлүмдүн башчысы Самарбекова Айтбү аңгеме курду.
Самарбекова көп жылдар бою бул багытта ищтеп 2 каталог түзгөн. Биринчиси: “Кыргыз Республикасынын китеп мурастарынын бирдиктүү жыйынтыкталган каталогу”, экинчиси: “Кыргыз Республикасынын сейрек кездешүүчү китептеринин бирдиктүү жыйынтыкталган каталогу” деп аталат.
Бул каталогдордо библиографиялык маалыматтары менен жазылган көлөмдүү базалык топтом чогулган. “Кыргыз Республикасынын китеп мурастары” жана жалпы эле сейрек кездешүүчү, баалуу басылмалар деген түшүнүктөрдүн ортосунда айырмачылык бар, ошондуктан маалыматтарды чогултууда төмөндөгүдөй документтерди иштеп чыгууга туура келди:
1). Китеп мурастары – сейрек кездешүүчү жана баалуу басылмалар менен иштөө (Консультация) = Работа с редкими и ценными изданиями (Консультация). (2000);
2). Кыргыз Республикасынын китеп мурастары жөнүндө Жобо= Положение о книжных памятниках Кыргызской Республики. (2002).
Китеп мурастары каталогуна кирген ( 250 китеп, 7 аталыштагы газета, 15 аталыштагы журналдар) маалыматтардын 90% ти Улуттук китепкананын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар фондуна таандык.
Мындан ары топтолгон библиографиялык маалыматтарды Интернетке чагылдырабыз деген оюубуз бар. Окумуштуу- иликтөөчүлөр үчүн ыңгайлуу жардам болот.