Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили

29 Сен 2015
2015-жылдын 22-сентябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Кыргыз Китеби бөлүмүнүн залында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 26 жылдыгына карата
“Уикипедия – ачык энциклопедия” аттуу иш-чаранын бет ачары жана
“Кылымдарды карыткан кыргыз тилим,
Кыйырсыз сенден алам чексиз билим”

китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлүп, ага расмий өкүлдөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Премьер-министри Т. А. Сариев, министрлер А. А. Максүтов, Э. Сариева, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Э. Э. Эрматов катышып, сөз сүйлөшүп, 2014-2020-жылдардагы тил программасына ылайык термин сөздөрүнүн 500 миңге жакын фразалар кыргыз тилинен орус, англис, түрк тилдерине, ал тилдерден кыргыз тилине которулгандыгын, перспективдүү планды дагы алдыга жылдыруунун максаттарын белгилешти.
Бул иш-чараны КР Президентинин алдындагы “Мурас” фондунун төрагасы, тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин жетектеп, Ч. Сааданбеков, И. Самыкбаевалар кыргыз терминдери боюнча мастер-класс өткөрүштү.
Бул иш-чарага Жогорку окуу жайларынын студенттери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышып, китепканада Мамлекеттик тилдин 26 жылдыгына карата уюштурулган китеп-сүрөт көргөзмө менен таанышышты.
Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия менен тыгыз байланышта биргелешип мамлекеттик тилибиздин ордун, маанисин жогорулатууда көптөгөн иш-чараларды өткөрүүдөбүз. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комииссиясы тарабынан чыгарылып жаткан илимий-усулдук басылмалар, китептер, тил маселелерине байланыштуу материалдар 4-5 нускадан китепкананын фондун толуктап турат. Жакында эле Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы 150гө жакын китептерди Улуттук китепканага тапшырды.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү Өкмөттүн токтому жакшы жышаан жана орошон жөрөлгө болду. Токтомдогу көрсөтүлгөн 2014-жылы иш кагаздарын толук мамлекеттик тилге өткөрүү мыйзам ченемдүү, ошондуктан Улуттук китепканада мамлекеттик тилде бардык иш кагаздар системалык түрдө ишке ашырылды. Кыргыз тилин тумарындай тутунууга, аны колдонууга, калктын кыргыз тилине болгон айкын позициясын кубаттоо учурдун талабы болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кыргыз тили мындан 26 жыл мурда элдин турмушуна кандай кубаныч алып келсе, бүгүнкү күндө да элдин урматына татыктуу экенин даана айтабыз. Адамзаттын турмушунда баарынан бийик тил касиети түбөлүктүү кала турган көрүнүш, биздин кан-жаныбыз менен кошо жаралган тил касиетин аздектеп, урпактарга кемелинен кемитпей калтыруу намыстуу атуулдук деп эсептейбиз.
Кыргыз тилинин түзүлүшүнө зор салым кошкон белгилүү тилчилер И. Батманов, К. Юдахин, Б. Юнусалиев, К. Карасаев жана ошондой эле тилдин өнүгүшүнө көп күч жумшаган окумуштуулар И. Арабаев, К. Тыныстанов, Б. Орузбаева, Т. Ахматова ж.б. болгон.
Өткөрүлгөн иш-чара басма сөз, радио берүүлөрдөн чагылдырылып, максатына жетти.