Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан КОЙЧИЕВ: «Өз жазуусу бар эл – байыркы цивилизациянын башаты»

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан КОЙЧИЕВ: «Өз жазуусу бар эл – байыркы цивилизациянын башаты»
04 Фев 2026
Бγгγн, 4-февралда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына келип, директору Элдар Аттокуров менен биргеликте китеп фондунун жана имараттын жалпы абалы менен таанышып чыгып, баалуу сунуштарын берди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу (доктринасына) ылайык, Улуттук китепкана улуттук идеологияны жайылтуучу негизги маданий борборлордун бири экенин баса белгиледи.
Китепкананын келечектеги өнүгүү планында, дизайнерлер менен биргеликте Эне-Сай жазма булактарындагы байыркы кыргыз жазууларын орнотуу зарылдыгын айтты.