Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ САДЫР ЖАПАРОВДУН КОЛДООСУ МЕНЕН ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРДИН БЕТ АЧАРЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ САДЫР ЖАПАРОВДУН КОЛДООСУ МЕНЕН ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРДИН БЕТ АЧАРЫ
12 Июн 2024

2024-жылдын 12-июнунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен жарык көргөн китептердин бет ачары болуп өттү.
Бет ачар аземи Президенттин Кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, окурмандардын, жарыкка чыккан китептин авторлорунун жана Улуттук китеакананын эмгек жаматынын катышуусунда болду.
Улуттук казынаны байыткан мыкты саамалыкта Президенттин куттуктоосун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев жеткирди. «Элибиз окумал, руханий чыгармачылыкты баалаган эл. Өткөн жылы өздүк фондумдан 50 китеп тандалып алынып, басууга берилген. Бүгүн анын бет ачары болуп жатканы баарыбызга кубаныч тартуулады деп ишенем. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов чыккан китептер шаардык жана аймактык китепканаларга таратыларын, мындай саамалык дагы уланарын, учурда 100 китепти басып чыгарууга тизме даярдалып жатканын белгиледи. Белгилесек, проза, поэзия, повесть, эссе, балдар адабияты, дүйнөлүк адабияттын мыкты чыгармаларынын котормолору ж.б. орун алган 50 китеп Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына утурлай жарык көрдү.