Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновду эскерүү күнүнө карата адабий-музыкалык кечеси

Кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновду эскерүү күнүнө карата адабий-музыкалык кечеси
09 Дек 2020

2020-жылдын 10-декабрында саат 11.00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Чыңгыз Айтматов атындагы маданият борборунда Кыргыз Республикасынын Улуттук адабият күнүнө карата кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновду эскерүү күнүнө карата — “Узак, узак узак болсун бул сапар, Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар” аттуу адабий-музыкалык кечеси өткөрүлөт.
Уюштуруучулар тобу Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасы менен биргеликте “Алыкулдун кыздары” аттуу “Шайыр апалар” тобу менен өткөрүлөт.
Бул кечеде алыкултаануучулар жана А.Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаттары Шаршенбай Ажыбеков, Памирбек Казыбаев, Мундузбек Тентимишов, Жекшен Турусбеков ж.б. Алыкул Осмоновдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу сөз сүйлөшөт.
Бул иш чарада “Алыкулдун кыздары” аттуу “Шайыр апалар” тобу кыргыздын залкар, классик акыны Алыкул Осмоновду эскерүү күнүнө карата “Ырларда өмүр уланат” аттуу сценка, акындын ырларынан жана Алыкулга арналган ырларын акындар көркөм окуп, обондуу ырларынан аткарып беришет.
Китепкананын А. Осмоновдун музейинде бардык китептери, фотодокументтери, ал жөнүндөгү маалыматтар коюлган.
Иш чарага чыгармачыл ишмерлер, акын-жазуучулар, маданият кызматкерлери, окурмандар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана нормаларды сактоо менен катышат.

Дареги: Бишкек ш. Ю. Абдрахманов көч., 208
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы. Тел.: 30-47-04