Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына 75 жыл

04 Дек 2009

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы, Жусупбек Бакиев атындагы коомдук фонд, Ага Хандын Кыргыз Республикасындагы фонду Кыргыз Республикасындагы Китепканалар жылынын жыйынтыгын чыгарууга, Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын 75 жылдыгына, ошондой эле “Айтматов ааламы” библиографиялык энциклопедиясынын жана “Китепканалык иш” деп аталган терминологиялык сөздүктүн бет ачарына арналган биргелешкен иш-чара өткөрүп жатышат. Ага Кыргызстандын республикалык, ЖОЖдордогу, айылдык, райондук, шаардык, облустук, региондук китепканаларынын кызматкерлери катышат.
Салтанаттуу иш-чара 2009-жылдын 7-декабрында саат 10.00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын чоң конференц-залында болот.
Китепканалардын коомдук турмуштагы ролун жогорулатуу зарылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги 2009-жылды Китепкана жылы деп жарыялаган. Иш-чарада Китепканалар жылынын жыйынтыгы чыгарылат жана “Айылдык мыкты китепкана”, “Райондук мыкты китепкана”, “Шаардык мыкты китепкана”, “Облустук мыкты китепкана” деп аталган республикалык кароо-конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланат.
Иш-чара Жусупбек Бакиев атындагы коомдук фонддун жана Ага Хандын Кыргыз Республикасындагы фондунун колдоосу менен өткөрүлүп жатат.
Жусупбек Бакиев атындагы коомдук фонд өзүнүн билим берүүчү, социалдык-маданий жана жаштарды жана балдарды колдоого багытталган башка демилге долбоорлору менен белгилүү. Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасы даярдаган “Айтматов ааламы” библиографиялык энциклопедиясын жана “Китепканалык иш” деп аталган терминологиялык сөздүктү Жусупбек Бакиев атындагы коомдук фонд басып чыгарган.
Ага Хан фонду – Ага Хандын Өнүктүрүү Тармагынын (AKDN) агенттиктеринин бири. Ал өнүктүрүү боюнча жеке уюмдардын бирикмеси болуп эсептелет жана көбүнчө ыңгайсыз шартта, айрыкча Африка, Борбордук жана Түштүк Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жашаган жамааттарга жана адамдарга жашоо шартын жакшыртуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берүү жагында иш жүргүзөт.
Республиканын китепкана кызматкерлери Ага Хандын Кыргыз Республикасындагы фондуна “Үй-бүлөлүк окуу” долбоору үчүн айрыкча ыраазы, ал боюнча Кыргызстандын балдары мыкты полиграфиялык сапаттагы кыргыз тилиндеги китептери окуп өнүгүп-өсүүгө мүмкүндүк алышты.
“Үй-бүлөлүк окуу” долбоорунун алкагында 3500дөн ашык ата-энелер жана камкорчулар балдар менен бирге окуунун ыкмалары боюнча машыгуудан өтүштү жана долбоор түзгөн 200дөн ашык чакан китепканалар балдардан жана ата-энелерден турган 4000ден ашык абоненти камтышты.
Фонд Улуттук китепканага кыргыз жана англис тилдеринде 250 нуска балдар үчүн китептерди тартуулады.
Быйылкы жылы КР Улуттук китепканасына түзүлгөн күндөн бери 75 жыл толот.
1934-жылдын 10-майындагы түзүлгөн күнүнөн баштап ушул мезгилге чейин Улуттук китепкана өлкөбүздүн маданий байлыгын жана элдерибиздин каада-салттарын сактоо, жалпы адамзатка таандык билимдерди өнүктүрүү ишинде чоң жолду басып өттү.
КР Улуттук китепканасы — Борбордук Азиядагы эң чоң китепканалардын бири, уникалдуу маданий, илимий, билим берүүчү мекеме.
Китепкана 75 жылдык ишинде китептердин зор байлыгын топтоду, ал өлкөдөгү эң чоң китепкана болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө китепкананын фондунда дүйнө элдеринин 90дон ашык тилиндеги 6 миллион китеп бар, туруктуу пайдалануучулардын саны азыр 40 миңден ашык,окурмандар – 200 миң, 1 миллионго жакын басылмаларды, 17 миң библиографиялык справкаларды берип турат.
2006-2009-жылдардын аралыгында КР Улуттук китепканасында республикалык жана эл аралык масштабдардагы 2100 иш-чара өткөрүлүп, алар Кыргызстандын абдан бай илимий жана маданий мурастарынын ачып көрсөтүлүшүнө өбөлгө болушту. Көптөгөн инвестициялар тартылып, алардын ишке ашырылышы китепкананын фондуна жаңы адабияттардын алынышына жана техникалык жактан жабдылышына, китепканалык-информациялык процесстердин автоматташтырылышына, жаңы структуралык подразделениелер ачылышына шарт түзүп, булар болсо пайдалануучулардын чет өлкөлүк адабияттарга, электрондук информацияга, дүйнөлүк EBSCO маалымат базасына, башка Интернет-ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтти.
Улуттук китепкананын башкы миссиясын аткаруу менен, китепкана өткөн жылдардын аралыгында евразия регионундагы алдыңкы китепканалардын бири болуп калды. Буга китепкананын дүйнөлүк маданиятты өнүктүрүүгө, эл аралык китепкана уюмдарынын (ИФЛА, БАЕ, түрк тилдүү мамлекеттердин улуттук китепканаларынын директорлорунун жыйыны, ЭКОго катышкан өлкөлөрдүн директорлор кеңеши ж.б.) иштерине кошкон салымы китепканалар жамааты тарабынан таанылышы күбө болот.
Улуттук китепкана “Айтматов ааламы” деп аталган библиографиялык энциклопедия жана “Китепканалык иш” деген терминологиялык сөздүк даярдап, алар Жусубпек Бакиев атындагы коомдук фонддун колдоосу менен Фонд басып чыгарылган.
“Айтматов ааламы” деп аталган библиографиялык энциклопедия дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүүгө арналып, анда жазуучунун жана коомдук ишмердин өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө кенен маалымат берилген. Бул энциклопедияда жазуучунун калеминен жаралгандардын баары, ал жөнүндө жазылгандардын баары жана дүйнөдө анын ысмына байланыштуулардын баары берилген.
“Китепканалык иш” деп аталган терминологиялык сөздүктө Кыргызстандагы китепкана ишинин тарыхында биринчи жолу китепканалык терминдер мамлекеттик тилде тартипке салынган жана ал теоретиктерге да, бул тармактагы практиктерге да, айрыкча региондордогу адистерге жардам катары арналган.
Иш-чарага КР расмий адамдары – Президенттин Администрациясынын, Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин, министрликтердин жана ведомстволордун, Ж.Бакиев атындагы коомдук фонддун, Ага Хандын Кыргыз Республикасындагы фондунун жана башка эл аралык уюмдардын, мекемелердин жана уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, региондордогу областтык, райондук, айылдык жана Бишкек шаарындагы китепканалардын, кеңири коомчулуктун өкүлдөрү катышат.

Дареги: Бишкек ш., Ю.Абдрахманов көчөсү, 208, КР Улуттук китепканасы.