Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Көрүнүктүү акын, журналист Байтемир Асаналиевдин 80 жылдыгына карата “Балдар адабиятынын бараандуу өкүлү” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду

Көрүнүктүү акын, журналист Байтемир Асаналиевдин 80 жылдыгына карата “Балдар адабиятынын бараандуу өкүлү” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду
19 Дек 2020

2020-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, көрүнүктүү акын, котормочу жана журналист Байтемир Асаналиевдин 80 жылдыгына карата “Балдар адабиятынын бараандуу өкүлү” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Акын, котормочу, журналист Байтемир Асаналиев 1940-жылы 10-ноябрда Тянь-Шань районуна караштуу Чет-Нура кыштагында туулган. Өз айылындагы жети жылдык мектептен, Нарын шаарындагы №1 Токтогул атындагы орто мектептен окуган. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Мектепте окуп жүргөндө гезиттерге макалаларын, студент кезинде алгачкы ырларын мезгилдүү басмасөз беттерине жарыялаган.
1963-1965-жж. Нарын шаарындагы мектептерде мугалим, республикалык басма сөз боюнча комитетте редактор, 1966-жылдан «Мектеп» басмасында редактор, улук редактор, 1979-1986-жж. башкы редактор, 1986-1987-жж. «Кыргызкитеп» соода бирикмесинде бөлүмдүн начальниги, 1987- 1991-жж. «Кыргызфильм» киностудиясынын котормо кино бөлүмүндө редактор жана улук редактор кызматын аткарган. 1991-жылдан «Байчечекей» журналында жооптуу катчы болуп иштеп келүүдө.
Алгачкы балдарга арналган «Жаз боегу» ырлар жыйнагы 1967-жылы жарык көргөн.
Б.Асаналиевдин ырлары азербайжан, казак, литва, тажик, түркмөн, чех ж.б. тилдерге которулган.
Б.Асаналиев бир топ чет элдик акын-жазуучулардын чыгармаларын, көркөм тасмалар менен мультфильмдерди кыргыз тилине которгон.
1975-жылдан Жазуучулар союзунун, 1973-жылдан Журналисттер союзунун мүчөсү.
Байтемир Асаналиевдин эмгеги жогору бааланып, ал 1976-жылы СССРдин «Басма сөз отличниги», 1982-жылы «Кыргыз ССРинин Эл агартуусунун отличниги» төш белгилери менен сыйланган. 1997-жылы Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыктын лауреаты деген наамы ыйгарылган. 2001-жылы ал «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» деген ардактуу наамга татыктуу болгон.
2006-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Көргөзмөдө Б. Асаналиевдин китептери, газета-журналдык макалалар жайгаштырылды.
Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208.
Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасы. Тел.: 30-47-04