Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз тил илиминин академиги — Бүбүйна Орузбаеванын  туулган күнүнө 100 жыл

Кыргыз тил илиминин академиги — Бүбүйна Орузбаеванын  туулган күнүнө 100 жыл
19 Дек 2024

2024-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын А.Осмонов

атындагы Улуттук китепканасынын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө

баалуу басылмалар бөлүмүндө “Кыргыз тил илиминин академиги — Бүбүйна Орузбаеванын  туулган күнүнө 100 жыл” деген темада китеп көргөзмөсү уюштурулду.

 

Орузбаева Бүбүйна  (1924-2013)

Орузбаева Бүбүйна 1924-жылдын 20-декабрында азыркы Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун Чолпон кыштагында туулган. Тилчи, филология илимдеринин доктору, профессор, 1974-жылы КР УИАнын корреспондент мүчөсү, 1979-жылы академик, 1981-жылы КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз ССРнин илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз кыз-келиндеринен чыккан алгачкы тилчи, тюрколог, окумуштуу.

1940-жылы Каракол шаарындагы М. Горький атындагы окуу жайын жана мугалимдер институтун, М. В. Фрунзе атындагы КМПИни бүтүргөн. Эмгек жолун Ысык-Көл областынын билим берүү бөлүмүндө кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп баштаган.  КР УИАнын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1953-жылы директордун илимий иштер боюнча орун басары, сектор башчысы, директор болуп иштеген. 1962-76-жылдары ИАнын термин коомунун төрагасынын орун басары, 1976-87-жылдары Кыргыз совет энциклопедиясынын башкы редактору, 1987-97-жылдары КР УИАнын президиумунун мүчөсү жана кеңешчиси болгон. 2008-жылдын июль айынан Тил жана адабият институтунун башкы илимий кызматкери.

Б.Орузбаева кыргыз элинин тарыхындагы алгачкы улуттук универсалдык энциклопедиянын жарык көрүшүнө зор салым кошкон. Анын илимий эмгектери азыркы кыргыз тилиндеги этиш сөз түркүмү, сөз жасоочу мүчөлөр, лексикология, кыргыз тилинин тарыхы, жазуу эстеликтери, кыргыз адабий тили, диалект жана терминология маселелерине багытталган.

II-даражадагы Манас ордени, Даңк медалы менен сыйланган.