Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз тили – биздин байлыгыбыз

Кыргыз тили – биздин байлыгыбыз
23 Сен 2025

2025-жылдын 23-сентябрында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданият борборунун чоң залында мамлекеттик тил күнүнүн 36 жылдыгына арналган “Кыргыз тили – биздин байлыгыбыз” аттуу маданий иш-чара болуп өттү.


Иш-чара Улуттук китепкананын массалык маалымат жана маданий иш-чаралар бөлүмү тарабынан Кыргызстан элинин ассамблеясы менен биргеликте уюштурулуп, ага мамлекеттик кызматкерлер, ассамблея өкүлдөрү, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, журналисттер катышты.

       


Алгач Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана колдоо багытындагы жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, учурда мамлекеттик тилге байланыштуу 19 мыйзамга өзгөртүүлөр киргенин, ага ылайык мамлекеттик кызматкерлерге кыргыз тилин билүү милдети жүктөлгөнүн, кыргыз тили өлкөдөгү 80ден ашуун улуттун ичинде да орток тилге айланып, ынтымакты бекемдей берерин белгиледи.
Мамлекеттик тилдин макамын кеңири жайылтуу жана бекемдөө, Кыргызстан элинин биримдигин жана ар түрдүүлүгүн көрсөтүү, бардык улуттар арасында кыргыз тилин үйрөнүүгө дем берүү, азыркы жаштарга кыргыз тилинин адабияттагы жана маданияттагы ордун таанытуу максатында уюштурулган бул иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан элинин ассамблеясынын өкүлдөрү дагы мамлекеттик тилдин мааниси, орду тууралуу айтышты.
Ошондой эле кыргыз адабиятынын классиктеринин чыгармаларынан үзүндүлөр кыргыз тилинде окулуп, кыргыз тилинде ырлар ырдалды. Иш-чаранын соңунда Кыргызстан элдери ассамблеясы менен Мамлекеттик тил жана тил саясаты Улуттук комиссиясы кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан инсандарга сыйлыктарды тапшырышты.


Белгилей кетсек, Улуттук китепкананын көргөзмө залында “Кыргыз тили дүйнөсү” аттуу китептер жана гезит-журналдар көргөзмөсү да коюлду.