Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз тили кылымдарды карыткан

14 Сен 2012
2012-жылдын 14-сентябрдан 23-сентябрга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын «Кыргыз китеби» бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилине 23 жылдыгына байланыштуу “Кыргыз тили кылымдарды карыткан” аттуу китеп көргөзмөсү уюшулду.

Кыргыз тили – Кыргыз Республикасынын көпчүлүк калкын түзүп жана ага өз наамын берген улуттун эне тили.
Кыргыз тили – эзелтен бери кыргыз элинин дүйнө таануу, тиричилик, рухий – жаратмандык тажрыйбасын камтыган баа жеткис улуу мурас.
Кыргыз тили кылымдар бою оозеки гана сүйлөнүп, жетишүү өлчөмдөгү сөз калыптоо, сезим туюнтуу, элес жана түшунүк билдирүү каражаттарын, ийкемдуүү грамматика жол-жоболорун жарата алган. Ал калктын коп жактуу коомдук муктаждыктарын канааттандырып, кыргыз урууларынын биригишүү, пикирлешүү, чыгармачыл күч кубатын чагылдыруу мүдөөлөрүн тейлеп келген. Эстетикалык максаттар үчүн пайдаланып, дүйнөлүк эпостордун алпы «Манас» башында турган залкар дастандардын, тууралуу жанрлардагы лирикалык ырлардын, оригиналдуу жөө жомоктордун, тарыхый уламыштардын, акылман макал-лакаптардын жаралышын шарттаган.
Кыргыз тили жазма түрүндө XIX кылымдан бери карай колдонула баштаса да, кадыресе жазма тил катары өнүгүү жолунда совет доорунда гана колдонула баштады. Ошол доор ичинде улуттук тилдин графикалык системасы, лексикалык, грамматикалык, орфографиялык жана башка нормалары жөнгө салынды.
1989-жылы кабыл алынган «Тил мыйзамын» жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз ССРинин Министрлер Совети атайын токтом чыгарып, токтомго тиркеме катары кыргыз тилинин көп жактуу иштелиши үчүн жасала турган конкреттүү иш аракеттердин тизмеси берилген. 1992-жылы Кыргыз Өкмөтү мамлекеттик жана коомдук структураларда расмий – жумуштук документтерди кыргызча жазууга өтүүнүн өбөлгөлөрү менен мөөнөттөрүн белгилеген атайын токтом чыгарылган.
Жалпылап айтканда, кыргыз жазма тили соңку мезгилде информациялык жүк көтөрүшү, көпчүлүккө илим-билим жана маданият байлыктарын жеткириши, максаттуу жана сарамжалдуу иштелиши жагынан бир кыйла өксүп келе жатат. Натыйжада ал мамлекеттик тил катары өзүнүн тийиштүү функциясын толук аткаруу деңгээлине жетпей келет.
Көргөзмө 3 бөлүмдөн турат:
1. Мамлекеттик тилдин токтомдору
2. Кыргыз тили боюнча алгачкы жана азыркы күндөгү басылмалар
3. Эл өмүрү–эне тилде
Көргөзмөдө көптөгөн китептер, газеталык публикациялар, токтомдор, указдар, көрүнүктүү филологдордун эмгектери жана монографиялары жана башка көптөгөн материалдар менен камсыз болду.