Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз тили майрамына карата иш-чара өткөрүлдү.

Кыргыз тили майрамына карата иш-чара өткөрүлдү.
25 Сен 2023

2023-жылы 24-сентябрда А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында кыргыз тили майрамына карата иш-чара өткөрүлдү.
Ал иш-чарада КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын РФ Москвадагы өкүлү, КР Саламаттык сактоо жана КР Маданияттын мыкты кызматкери, Москвада “Кайрыктар казынасынын” негиздөөчүсү Бапанов Багыт Шериевич жакында болуп өткөн “Түрк тилдүү элдердин эл аралык форумунда” каралган маселелер тууралы тааныштырып, андан тышкары Мамлекеттин сыртында жана ичинде кыргыз тил көйгөйлөрү боюнча сөз сүйлөдү.
Андан соң КР Жазуучулар союзунун мүчөсү Шералиев Жыргалбек агай, Ош областынан келген Баринуса Набиева, Бактыгүл Машаева эжелер кыргыз тилде болгон кемчиликтер тууралуу өз ойлорун тең бөлүштү. “Чүй кайрыктары” адабий уюмдун өкүлдөрү Абдылдаева Гүлнара, Жамангулова Айгүл, Жаңыбаева Гүльгакы, Нургазиева Алтынай, Осмоналиев Жумалы, Даут Кенже ж.б. кыргыз тили боюнча жарыш сөзгө чыгышып жана тилге арналып жазылган ырларын көркөм окушту. Соңунда “Кыргыз тили” коомунун Ардак грамотасын Шералиев Жыргалбек жана Абдылдаева Гүлнарага о.э. калган катышуучулар кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.