13-июнда А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында жаңы китептин бетачары болуп өттү.
Аталган китептин автору, журналист, котормочу Эрнис Асек уулунун жубайы журналист Назира Салиева, балдары, кесиптеш, насаатчылары чогулуп, сыясы кургай элек китептин тегерегинде талкуулар айтылып, акын эскерилди. Китеп эки бөлүк, 32 главадан турат.
«Мастер менен Маргарита» романы орус жазуучусу, драматург, театр режиссеру жана дарыгер Михаил Булгаковдун чыгармасы жана ал кыргыз тилинде биринчи жолу жарык көрдү. Романды Эрнис Асек уулу 2019-жылы көзү тирүүсүндө кыргызчалап, басып чыгарууга үлгүргөн эмес. Китеп Маданият министрлиги менен Жазуучулар бирлигинин колдоосу астында «Улуу тоолор» басмаканасы миң нускада басылды.