Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз жазма мурасынын коч башы Молдо Нияз Эрназар уулу

05 Июл 2018
А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн окуу залында 2018- жылдын 4- июлунда “Кыргыз жазма мурасынын көч башы” аталыштагы – жазгыч, төкмө акын Молдо Нияз Эрназар уулунун туулган күнүнүн 195 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү окурмандарга тартууланат.
Молдо Нияз Эрназар уулу 1823-жылы азыркы Баткен областынын Кадамжай районунун Кызыл-Булак деген жеринде дүйнөгө келген. Кыргыздын алгачкы жазгыч акындарынын бири; агартуучу жана кыргыз тилинде эң алгач кагазга түшүрүлгөн- “Санаттар”атуу кол жазма китептин автору. Молдо Нияз өз заманынын билимдүү, араб, фарсы, эски түрк (Чагатай) тилдеринде сүйлөй билген инсаны болгон. Кашкар шаарындагы медреседен билим алган. Анын чыгармалары кызыл –суулук кырыгыздарадан тартып Ат-Башы, Нарын, Жумгал, Кочкор, Суусамыр, Чүй өрөөндөрүндөгү, Фергана аймагындагы элге кеңири белгилүү болгон. Молдо Нияздын ырларында өлүм, өмүр, Аалам, жакшылык- жамандык сыяктуу философиялык терең ойлор, ошондой эле 19-кылымдын 2- жарымындагы кыргыз жергесиндеги тарыхий шарттар да баяндалган.
Санат ырларында 1845-1858-жылдардагы Кудаяр хандын кордугуна чыдабаган ферганалык кыргыздардын жер которушу, Кашкарга качып барган кырыгыздарга Жакыпбек бийдин көрсөткөн кордугу, Чымкент шаарын басып алуусу жана Курманжан даткага байланыштуу окуялар чагылдырылган.
КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда Молдо Нияздын өз кол тамгасындагы үч кол жазма китеби жана бир кошок жазылган чоң барак бар, калгандары эл оозунан жыйналган материалдар болуп саналат. Ушул фондуга К. Сыдыкбековдун жардамы менен биринчи китепбин таап, экинчи кол китебин Б. Юнусалиевге таандык, үчүнчү кол китепти А. Эркебаев Алайдан алып келип тапшырган.
“Кат” деп аталган жазманы 1974-жылы Айдар Молдодон алып келип фондуга өткөргөн. Аларды тартипке келтирип, О. Сооронов “Молдо Нияз: Санат дигарастар” деген аталыштагы китепти 1993-жылы жарыка чыгарган.
Кыргыз жазма адбиятынын өнүгүүсүнө чоң салымы бар инсан, тарыхчы жана саякатчы, философиялык ойлор менен сатира, юмор саптарынын ээси, диний терең билими бар , бүт өмүрүн поэзияга салган улуу акын Молдо Нияз Эрназар уулунун өз колу менен жазып калтырган көөнөргүс мурастары кыргыз жазма жана профессионалдык адабиятынын тарыхында абдан чоң, баа жеткис эмгек болуп саналат.
Улуу акын Молдо Нияз 1896- жылы өзүнүн туулуп өскөн жеринде дүйнө салган.
Бул көргөзмөгө Молдо Нияндын өмүр баяны, өзүнүн чыгармасы, ал жөнүндө жазылган сататьялар, эскерүүлөр коюлду.