Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

кыргыздын кйрЇнЇктЇЇ котормочусу Бектурсунов СЇйЇнтбектин 100 жылдыгына байланыштуу китеп — сЇрйт кй

08 Июл 2010
(нет перевода)
2010-жылдын 6-июлунда саат 11 дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында кыргыздын көрүнүктүү котормочусу Бектурсунов Сүйүнтбектин 100 жылдыгына байланыштуу китеп — сүрөт көргөзмөсү болуп өттү.
Көргөзмөгө С. Бектурсуновдун массалык-саясий китептери, көркөм котормолорунун топтомдору, которулган аңгеме, пьесалары, публицистикалык котормолору, котормочу жөнүндө жазылган ой-пикирлер, анын чыгармачылыгы жөнүндөгү макалалар, басмадан чыкпай калган кол жазмалары, үй-бүлөлүк сүрөттөрү коюлуп, Көркөм котормонун чебери“ деген темада орун алды. Атап айтканда, Л. Н. Толстойдун 4 томдук „Согуш жана тынчтык роман — эпопеясы, А. П. Чеховдун классикалык проза чыгармалары, А.С. Пушкиндин „Капитан кызы повести, Л. Н. Толстойдун „Пейилдин оңолушу,Севастополь аңгемелери, Эки гусар,Балдан кийин, Гоголдун Өлүм жандары. Распенин Мюнхгаузендин жоруктары, Майн Риддин. Башы жок чабендес“ ж. б. көптөгөн китептери кыргыз окурмандарга тартууланган.
С.Бектурсуновдун Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында орус жазуучуларынын согуштук аңгемелери, очерктери алардын ичинде Алексей Толстойдун, МихаилШолоховдун чыгармалары бар. Кыргызстан драма театрларында ар кайсы тилдерден которулуп коюлган драмалары коюлган. Көргөзмөнүн ачылышына акындар, жазуучулар, котормочулар, Улуттук китепкананын бөлүм башчылары, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, С. Бектурсуновдун туугандары катышты. Бул көргөзмө катышуучулар тарабынан кызуу колдоого алынды.