Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыздын тунгуч этнограф айымы Какен Мамбеталиеванын 80 жылдыгы

05 Апр 2016
Шейшемби күнү (чын куран, апрель айынын 5инде) Бишкекте кыргыздын Кыргыздын туңгуч этнограф айымы, тарых илимдеринин кандидаты Какен Мамбеталиеванын 80 жылдыгына арналган “Ала-Тоодогу заманбап этнография көйгөйлөрү” аттуу жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлүүдө
2016-жылдын чын куран айынын (апрелдин) 5инде саат 9:00дө Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде (дареги: Фрунзе көчөсү, 547, Бишкек ш.) Кыргызстандын чыгаан тарыхчы жана педагог окумуштууларынын бири, кыргыз элинин туңгуч этнограф айымы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Какен Мамбеталиеванын 80 жылдыгына арналган “Ала-Тоодогу заманбап этнография көйгөйлөрү” аттуу жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйын өз ишин баштайт.
“Тарых жана маданият жылында” Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргызстанда тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия бекиткен илимий иш-чаралардын алкагында өтүп жаткан бул жумурияттык илимий жыйынды Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси, Какен Мамбеталиева атындагы коомдук фонд, К. Мамбеталиева атындагы Нарын облустук тарыхый-этнографиялык музейи сыяктуу илимий-агартуу мекемелери, корлор жана чыгармачыл уюмдар биргелешип уюштурууда.
Жыйын маалында Какен Мамбеталиева атындагы Нарын облустук тарыхый-этнографиялык музейи бул ажайыпкананын көп тармактуу ишмердигине байланыштуу сүрөттөрдүн чакан көргөзмөсүн уюштурмакчы.
Илимий жыйында кыргыз тарыхын, маданиятын, этнографиясын изилдеген тарыхчылар, этнографтар, публицисттер жана коомдук ишмерлер Какен Мамбеталиеванын өмүр жолу, заманбап кыргыз этнографиясын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана ошондой эле этнография көйгөйлөрү тууралуу өз баяндамалары менен чыгып сүйлөп сүйлөөсү күтүлүүдө.
Бул баяндамалардын жана эскерүүлөрдүн тексттери алдын-ала жарыяланган мааракелик жыйнакта камтылды. Илимпоз айым Какен Мамбеталиеванын элибиздин этнографиясын иликтөөгө жана тарыхчы студенттерди тарбиялоого кошкон зор салымы бул жыйнакта ар тараптуу чагылдырылган.