Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«Кыргызстан – 2015: КЇндйр. Адамдар. Окуялар» аттуу маалымда

24 Дек 2014
Кымбаттуу мырзалар жана айымдар!

Сиздерге Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында басылып чыккан «Кыргызстан – 2015: Күндөр. Адамдар. Окуялар» аттуу маалымдаманы алууну сунуштайбыз.
«Кыргызстан — 2015: Күндөр. Адамдар. Окуялар» — бул Кыргызстандын 2015-жылга мааракелүү даталары, саясий, экономикалык, коомдук жана маданий турмуш жөнүндө окуялардын маанилүү жана белгилүү даталарынын жылнаамасы.
Жылнаамада даталардын жана окуялардын кыскача тизмесинен сырткары жылдын маараке ээлери – Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлери жана белгилүү окуялар жөнүндөгү толук маалыматтар кыргыз жана орус тилдеринде берилген.

Белгилүү жана маанилүү окуялардын жылнаамасынын көлөмү – 32.5 басма барак.
Жылнаамага кирген материалдардан 2015 – жылдагы Кыргызстандагы бардык белгилүү жана тарыхый окуялар жөнүндө кабардар болууӊузга жана ишиӊизде көмөгү тиет.
«Кыргызстан – 2015: Күндөр. Адамдар. Окуялар» аттуу маанилүү жана белгилүү окуялардын жылнаамасын алуу боюнча төмөнкү телефонго кайрылсаӊыздар болот.
тел.: 0312 – 30-46-81
0312 – 30-46-87

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы,
Улуттук библиография бөлүмүнө
дареги: Бишкек шаары, Ж. Абдрахманов көчөсү 208.