Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кырыз эл акыны Муса Жангазиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата “Элинин таланттуу уулу” атуу китеп сүрөт көргөзмөсү

Кырыз эл акыны Муса Жангазиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата “Элинин таланттуу уулу” атуу китеп сүрөт көргөзмөсү
23 Мар 2021

А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн окуу залында 2021-жылдын 23- мартында Кырыз эл акыны, балдар жазуучусу Муса Жангазиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата “Элинин таланттуу уулу” атуу китеп сүрөт көргөзмөсү уюштурулат.

Муса Жангазиев 1921- жылы 23- мартта Чуй областынын Сокулук районунун Кара-Сакал айылында жарыкка келген.
Кыргыз эл акыны, балдар жазуучусу Муса Жангазиев ата—энесинен эрте ажырап калып, 1929-1935- жылдары Фрунзе шаарындагы Крупская атындагы балдар үйүндө, ал эми 1935- жылдан Гүлчөдөгү балдар үйүндө тарбияланган. 1936-1941- жылдары балдар үйүндө, кийин Гүлчөдөгү Токтогул атындагы орто мектепте иштеген. 1943-жылы Ош обкомунун комсомол комитетинин пропаганда жана агитация боюнча секретарлыгына шайланган. 1946-1948-жылдары Кыргызстан КП БКнын алдындагы республикалык партиялык мектепте окуган. 1945-жылы “Кызыл Кыргызстан” гезитинде бөлүм башчы, 1950-1952- жылдары “Кыргызстан пионери” газетинин, 1952-1954-жылдары Ала –Тоо журналы, 1956-1959-жылдары ”Жаш ленинчи” журналдарынын редактору, 1966-жылдан Кыргызстан жазуучулар союзунун секретары болуп иштеген. 1954 — жылы СССР жазуучулар союзунун алдындагы жогорку курста окуган. Адабий ишмердиги 1940 — жылдары башталган. Учурунда ырлары, очерктери, фельетондору жана аңгемелери республикалык газета- журналдарга үзгүлтүксүз басылып турган.
1951-жылы балдар үчүн жазылган “Балалык” деген биринчи ырлар жыйнагы жарыкка чыккан. Кийин 1951-жылы “Бакыт гүлдөрү”, 1956-жылы “Ак козу”, 1957 — жылы “Өскөн жер”, 1958-жылы “Дуровдун бурчу”, 1960-жылы “Зоопарк”, 1961-жылы “Сыймык”, 1965- жылы “Жыргалым”, 1967- жылы “Бермет”, 1973-жылы “Көз нурларым”, 1975-жылы “Сүйүнөм” ж.б. ыр жыйнактары, повестери жарык көргөн.
1972-жылы “Бала менин өмүрүм” аттуу тандалган жыйнагы үчүн Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгын алган. М. Жангазиевдин сценарийи боюнча бир нече фильм жана телефильмдер тартылган. Жангазиевдин айрым китептери орус, украин, өзбек, эстон, азербайжан, түркмөн, казак, татар, якут ж.б. тилдерге которулган.
Муса Жангазиевдин эмгеги жогору бааланып, Эмгек Кызыл Туу, эки жолу “Ардак белгиси” ордени жана медалдар менен сыйланган.
М. Жангазиев 1998- жылы 28 — февралда Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан.
Бул китеп көргөзмөгө акындын өмүр баяны, өзүнүн ар кыл жылдарда жарыкка чыккан чыгармалары, ал жөнүндө жазылган эскерүүлөр жайгаштырылды.

Дареги: А. Осмонов атындагы КР УК
2-этаж № 57 кабинет.